"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысынын машинеси өрттөлдү
0
15
Украинанын батышындагы Львов шаарында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысынын автоунаасына белгисиз бирөөлөр өрт коюп кетишти. Журналист Галина Терещуктун машинеси 30-январга караган түнү өрттөлгөнүн Украинанын Ички иштер министрлиги ырастады.
"Биз бул кылмышка кимдир-бирөөлөр буйрук берип, аны ишке ашыруу үчүн адамдарды жалдаган деп ойлойбуз", - деди ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко.
Журналист Галина Терещук "Азаттыктын" украин кызматында 2000-жылдан бери иштеп келет. Ал бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатат.
Улуттук полициянын Львовдогу башкармалыгы "журналисттин мүлкүнө атайылап зыян келтирүү" аракети боюнча иликтөө башталганын маалымдады.