Украинанын президенти орусиялык туткундарга ырайым берген жарлыкка кол койду
0
18
Владимир Зеленский Украинада соттолгон Орусиянын 12 жаранына ырайым берген жарлыкка кол койду. Алар абактан Киев менен Москванын ортосунда соттолгон жарандарды алмаша турган жайга жеткирилди.
Бул тууралуу украиналык адвокат Валентин Рыбин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Маалыматка караганда, орусиялык жаран Руслан Кажиевге ырайым берилген жок. Ал Украинанын чыгышындагы, өздөрүн “Луганск Элдик республикасы” деп атап алган аймактагы жаңжалдарга катышканы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганын билдирген. Бирок жарандарды алмашуунун датасы так айтылган эмес. “Интерфакс” өз булактарына таянып алмашуу 7-сентябрда болушу ыктымалдыгын жазды.
Өткөн айдан тарта эки өлкө бири-бири менен туткундарды алмашуу боюнча батыл сүйлөшө баштаган. Бул жараян 1-сентябрга чейин ишке ашары кабарланган, бирок анда туткундар алмаштырылган эмес.
Украина Орусия жалпысынан 150 жаранын мыйзамсыз камап отурганын билдирген. Алардын арасында “террорчулукка” байланыштуу айыпталган режиссёр Олег Сенцов бар.
Орусия өзүндөгү туткундарды кимге алмашкысы келерин ачык айта элек.