Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014 Май 2014 Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015 Июнь 2015 Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016 Июнь 2016 Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017 Июль 2017 Август 2017 Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Украина-Орусия кризиси: Британия арачы түштү

0 63
Украина-Орусия кризиси: Британия арачы түштү

Росгвардия информирует жителей Запорожской области

Тайник с боеприпасами и экстремистской литературой обнаружили росгвардейцы в ДНР

Росгвардеец оказал медпомощь пострадавшему в ДТП жителю Нижегородской области

Рогов заявил о продвижении российских войск к пригородам Гуляйполя

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2-февралда Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу жолдорун телефондон талкуулайт. Мунун алдында Жонсон украин лидери менен жолуккан. Москва Украинанын НАТОго кошулушуна каршы болуп, орус-украин чек арасына 100 миңдей аскерин топтогон. Батыш аны "чабуул жасоого даярданууда" деп айыптап келет. Лондон менен Киевдин позициясы Борис Жонсон менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсү алгач 31-январга белгиленип, кийин 1-февралга жылдырылган. Бирок бул күнү да тараптар байланыша албай калганы маалым болду. Соңунда тараптар 2-февраль күнү баарлашууга убакыт тапканы турушат. Лондон менен Москва кабарлагандай, Жонсон менен Путин анда “украин кризисин” талкууламакчы. Бир күн мурун Жонсон Киевде украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөт башчы орусиялык 100 миңден көп аскердин кошуна өлкөнүн чек арасына жакын жерге тартылышы "Украинага каршы кастыктын, балким, эң чоң демонстрациясы болуп калганын" белгиледи. “Айрымдар бизди коркунучту көбүртүп-жабыртып жатат деп айыптап, АКШ менен Улуу Британия ашкере сактанып жатканын айтууда. Биз чалгын маалыматтарга таянуу менен айтып жатабыз. Бул ачык жана реалдуу коркунуч. Биз Орусиянын аскерлери түрдүү операцияларга, чабуулдук аскердик өнөктүккө даярданып жатканын көрүп жатабыз”,- деди Борис Жонсон. Британ премьери Батыш диалогду жактарын, бирок санкциялар дагы даяр турганын кошумчалады. "Башка өлкөлөр менен катар биз дагы санкциялар пакетин даярдап жатабыз. Орус аскерлери украин чегине кадам таштаса эле ошол чаралар ишке кирет. Биз мындай кадамга Орусияга каршы кастыгыбызды көрсөтүү үчүн эмес, ар дайым эркиндикти, демократияны, агрессия коркунучуна туш болгон Укриананын суверенитетин колдойбуз деп туюндуруу көздөйбүз”,- деди ал 1-февралда Киевде. Биргелешкен басма сөз жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский алар АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн чоң аскердик жардам алганын билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы Москва колдогон жикчилдер менен сегиз жылдык согуш да украин аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенин эске салды. “Биздин коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдөө – бул өзүнчө тема. Украина үчүнчү жылы катары менен ички дүң өндүрүмүнүн 6% тең келген сумманы коопсуздугуна бөлүп келет. Бул рекорддук көрсөткүч. Бүгүн кесипкөй жоокерлерди дагы 100 миңге көбөйтүү чечими кабыл алынды. Биз Улуу Британиянын бул багыттагы аракеттерине жана иш жүзүндөгү жардамына ыраазычылык билдиребиз”,-деди украин президенти. Владимир Зеленский 1-февралдагы сөзүндө эгер кагылыш башталып кетсе, бул Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш эмес, Европадагы толук масштабдуу кандуу кагылыш болорун эскертти. Ал кайрадан Москваны чек арага жакын жайгашкан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды. Путиндин кризис боюнча үн катты  Ошол эле күнү Владимир Путин кризиске байланыштуу биринчи жолу пикирин билдирип, Кремл АКШ жана НАТОдон алынган жоопту анализдеп жатканын айтты. "Украина НАТОнун мүчөсү болуп калды дейли. Куралдарды толтурду, Польшадагыдай жана Румыниядагыдай сокку уруучу заманбап системалар жайгаштырылат, ага ким тоскоол болот? Анан Крымда (Донбасс жөнүндө айтпай эле коёюн) операция баштайт. Крым Орусиянын көз карандысыз аймагы. Мына ушул жагдайда Украина НАТОго кирген өлкө катары, ушул жерлерге аскердик операция баштады деп элестетели. Бизге эмне НАТО менен согушуш керек болобу?”,-деди Владимир Путин. Москва чек арага куралдуу күчтөрдү, аскердик техниканы топтоо менен кошунасына кол салууну көздөйт деген айыптоолорду четке кагып, ошол эле маалда жоокерлерин алып кетүү үчүн Батыштан бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган. Анын ичинде Украина альянска кошулбайт деген шарт койгон. АКШ менен НАТО Орусиянын талабы менен “коопсуздук кепилдиги” боюнча 26-январда Москвага кат түрүндө жооп берген. Катты АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине барып тапшырган. Буга улай билдирүү жасаган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катта Вашингтон Украинаны НАТОго кошпоо тууралуу Москванын талабын четке какканын маалымдаган. Ошол эле маалда ал украин кризисин чечүү үчүн Кремлге дипломатиялык сунуш берилгенин кошумчалаган. 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун расмий адамдарынын Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден менен Владимир Путин телефондон сүйлөшсө, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кездешкен. Бирок алардын биринен да майнап чыккан жок. Батыш тарап Украина эгемен өлкө экенин, ал кайсы уюмга кошулуп-кошулбасын Орусия чечпей турганын эскертип келет. 2014-жылы Орусия кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алган. Украинанын эки облусу Донецк менен Луганскиде (экөө биригип Донбасс аймагы деп аталат) орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн тынбай келаткан согушунан ошондон бери 13 миңден көп киши набыт болду. Быйыл 25-январда Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я