Донбасста атып түшүрүлгөн учак боюнча cот кошумча тергөөгө убакыт берген жок
0
17
Нидерланддын соту 2014-жылы Украинада атып түшүрүлгөн "Malaysia Airlines" компаниясына таандык учак боюнча иштин алкагында альтернативалуу версияларды териштирүү үчүн тергөөгө кошумча убакыт берүүдөн баш тартты. Бул иштин алкагында төрт адамга айып тагылган.
Малайзиянын Амстердам-Куала-Лумпур багытындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн. Бул учурда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп жаткан. Нидерланд жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын жарандары Сергей Дубинский, Олег Пулатов, Игорь Гиркин жана Украинанын жараны Леонид Харченкого сырттан айып койгон. Окуя боюнча Гаагада сот быйыл мартта башталган болчу. Шектүүлөрдүн арасынан Пулатов гана адвокаттарынын сунушу боюнча сотко барууга макул болгон.
"Bellingcat" эл аралык изилдөө тобу учактын кыйрашына аскер адамдарынын тиешеси болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.
Анда учакка Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 53-зениттик-ракеталык бригадасы сунуштаган "Бук-М1" комплексинен атылган ракета тийгени айтылган.