НАТО Донбасстан аскерлердин чыгарылып жатканын кубаттады
0
47
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Донбасстан Киевге баш ийген Бирдиктүү күчтөрдүн операциясы бөлүмүнүн аскерлери менен өз алдынчалык жарыялап алган Луганск Элдик Жумуриятынын элдик милициясынын өкүлдөрүнүн чыгарыла баштаганын кубаттады. Ал Москваны да бул аймактан "жоокерлерин алып кетүүгө" чакырды.
Столтенберг 30-октябрда Украинанын Одесса шаарында жүргөндө "Биз аймактагы чыңалууну азайтууга багытталган бардык аракеттерди колдойбуз", деп айтты.
Украина 29-октябрда Луганск облусундагы Золотое шаарчасындагы беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгара баштаган. Аталган аймактан жикчилдер да өз күчтөрүн алып кеткен. Буга байланыштуу Киевде нааразылык акциялары өттү.
Быйыл президенттик кызматына киришкен мамлекет башчы Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы жаңжалга чекит коюуга убада берип, октябрдын башында эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.
Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен белгилүү болгон документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.
«Штайнмайер формуласы» деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуш кылган. Орусия документти макулдашуу болсо гана Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын лидерлери катыша турган «Норманд форматындагы» жолугушууга барарын билдирген.
Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.