Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Апрель 2010
Май 2010
Июнь 2010
Июль 2010
Август 2010
Сентябрь 2010
Октябрь 2010
Ноябрь 2010
Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013 Июнь 2013 Июль 2013 Август 2013 Сентябрь 2013 Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014 Апрель 2014 Май 2014 Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015 Июнь 2015 Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015 Январь 2016 Февраль 2016 Март 2016 Апрель 2016 Май 2016 Июнь 2016 Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017 Июль 2017 Август 2017 Сентябрь 2017 Октябрь 2017 Ноябрь 2017 Декабрь 2017 Январь 2018 Февраль 2018 Март 2018
Апрель 2018
Май 2018 Июнь 2018 Июль 2018 Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Чөлкөм ынтымагы: Узак жол алгачкы кадамдардан башталат

0 45
Чөлкөм ынтымагы: Узак жол алгачкы кадамдардан башталат

Порт пяти морей. В Москве стартовал летней сезон речной навигации

Утренние пробки в Подмосковье составили 4 балла 27 апреля

На маршруте Чкаловск – Калининград меняется расписание пригородных поездов

От Розановой до Боголюбова. «Культура» о самых интересных выставках мая

Бир жагынан дүйнөлөшүү жүрүмү күч алган чакта, экинчи жагынан «Бир алкак – бир жол» доктринасы аркылуу Кытай айрым чабал коңшуларын карызга батырышы ыктымал болуп жаткан кезеңде, пост-советтик Борбордук Азия чөлкөмүндө ички чөлкөмдүк ынтымак болуп көрбөгөндөй зарыл. Украинадагы серепчи, доктор Рустем Жангожонун макаласы. Украинанын маалымат каражаттарынын кабардашынча, «Киев-Лески» (Київ-Ліски) темир жол бекетине Кытайдын Ухань шаарынан жөнөтүлгөн контейнерлер жүктөлгөн алгачкы поюз 2020-жылы 6-июлда келип жеткен. Анын өзгөчөлүгү – чиркелген жүк «Бир алкак – бир жол» (БАБЖ) аттуу эбегейсиз зор долбоордун алкагындагы жаңы поюз каттамы аркылуу келип жеткендигинде. «Киев-Лески» темир жол бекети Украинанын чет өлкөлөр менен байланышты камсыз кылган «Укртемиржолу» (Акціонерне товариство «Українська залізниця»; кыскача АТ «Укрзалізниця») аттуу темир жол мекемесине таандык. Аталган бекетке жеткиче поюз 19 күн бою жүрүп келди. Эми «Укрзалізниця» темир жол мекемеси бул узак мөөнөттүк каттамдын жадыбалын түзүү менен алек. Алгачкы баскычта бир аптада бир гана жүк вагондорунун чиркемеси жеткирилет. Товарлар жетиштүү топтолуп калган чакта, мындай чиркемелердин саны так жадыбалга ылайык көбөйтүлүшү мүмкүн. «Укрзалізниця» темир жол мекемеси эми интернетте электрондук тейлөө кызматын түзүүгө беленденүүдө. Мындай тейлөө кызматы киргизилген соң, болжолдуу кардарлар чиркемеге өз контейнерлерин жайгаштырууга жана унаа ташуу үчүн төлөмдөрдү онлайн төлөөгө тапшырык бере алышат. Алгачкы баскычта Кытай менен дотация жаатын да макулдашуу зарыл. Кытайдан Украинага жеткирилчү контейнерлүү чиркемелер темир жол аркылуу Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Грузия аркылуу транзит шартында жөнөтүлөт. Кытай өкмөтү эл аралык «Бир алкак – бир жол» демилгесин сунуштагандан бери алты жылдын жүзү болду. Азыр ал демилге КЭРди Азия, Европа жана Африка менен унаа жана байланыш тармактары аркылуу ырааттуу байланыштырчу жаңы дүйнөлүк тартиптин жобосуна айланды да калды. Айрым өлкөлөр бул долбоорго ишениңкиребей караса, айрымдары кастык мамиле кылышты. Ошого карабастан, 136 өлкө жана 30 эл аралык уюм Кытайдын бул мамлекеттер аралык долбоорун жактап, бир катар эл аралык кызматташтык келишимдерине кол коюшту. Эми бул долбоорго кошулган Борбордук Азия чөлкөмүн кандай натыйжалар күтүп турат? Албетте, экономика жаатында кыйла натыйжалуу кадамдар БАБЖ долбоору аркылуу жүзөгө ашаары шексиз. Бирок анын терс жагдайлары да барбы? БАБЖ мега-долбоорун жалпы эле дүйнөлөшүү жүрүмүндөгү өңүттөр аркылуу баалай турган болсок, өтө шыктандырчу сүрөттөмө келип чыгат. Бул – асыл-нарктар менен артыкчылыктардын бүткүл системасын радикалдуу негизде алмаштыра турган бүтүндөй дүйнөлөшүү жүрүмү болуп саналат. Кайсы бир негизде БАБЖ долбоорун болочокку дүйнөнүн «калыбын көрсөтчү өрнөк» катары баалоого болот. Ал эми тийешелүү өлкөлөрдүн конкреттүү жемиши эмнеде? Бул долбоордо маанилүү «ачкыч» болгон Казакстанды эле алсак, ал үч жаатта утаары бышык: 1) экономикалык жактан алчу мөмө. БУУнун адистеринин эсебине караганда, БАБЖ долборунун жолунун таманындагы ар кандай өлкөнүн жалпы дүң өнүмү 2–3 эсе өсүп чыгышы күтүлөт. Анткени БАБЖ долбооруна байланыштуу өлкөнүн жол жана байланыш тармактарын жана инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган капиталдык салымдар бир нече эсе көбөйөт. 2) Бардык катмарлардагы жумушчу күчтөрү бир нече эсе кеңейет. Демек, Орусияга багытталган эмгек миграциясы бул өлкөдөн кайра Борбордук Азия чөлкөмүнө бурулушу күтүлөт. 3) Пост-советтик Борбордук Азия чөлкөмү кошумча наркы бар өнүмдү экспортко чыгаруу аркылуу «чийки заттык аймак» жаманаттысынан алгачкы жолу кутула алат. Демек, чөлкөмдөгү өлкөлөр өздөрүндөгү өндүрүүчүлөрдүн азыркыдан кыйла жогорку деңгээлдеги өндүрүштүк-технологиялык маданиятка, инженердик-технологиялык жөндөмгө ээ болушу үчүн далаалат кылат. Чет элдик базарда чөлкөмдөгү сапаттуу товарлардын баасы да көтөрүлөт. Мунун бардыгы жергиликтүү калайыктын бакыбаттыгын чыңдоого, коомдогу мамилелерди телегейи тегиз кылып өнүктүрүүгө жагымдуу таасир тийгизет. Албетте, буга чейин эле айрым жагымдуу натыйжалар көзгө көрүнүп калды. Маселен, КЭР менен Казакстандын чек арасында логистикалык чордон курулган соң, Казакстан тарап Орусияны кошпостон мухитке (Тынч океандын портторуна) чыгууга алгачкы жолу мүмкүнчүлүк алды. Казакстандын өзү да «Нурдуу жол» долбоорун иштеп чыгып, өлкө аркылуу Кытай менен Батыш Европаны бириктирген автоунаа канжолун (магистралды) куруу аркылуу өлкөнүн экспорт жана импорт жөндөмүн кеңейтти. Жалпысынан, БАБЖ долбоору Казакстанды Батыш Европа менен Чыгыш Азияны жана Тынч океанды байланыштырган евразиялык түйүндүн маанилүү өткөөлүнө айландырууда. Кытай – Монголия – Орусия соода-экономикалык өткөөлүн куруу жаатында да, Пакистандан Кытай аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияны туташтырчу унаа-экономикалык өткөөлүн курууда да кыйла жылыштар жүзөгө ашырылды. Кытайлык демилгелер аркылуу Африканын ичинде да өлкөлөр аралык заманбап унаа байланыштары курулуп жана жакшыртылып жатат. Момбаса-Найроби темир жолу долбоору эле Кенияда 50 миң жумушчу орунун камсыз кылып, өлкөнүн экономикасынын 1,5 пайызга өнүгүүсүнө огожо болду. 2013–2017-жылдары Кытай менен БАБЖ долбооруна кирген башка өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 4,88 пайызга өскөнүн Russian.china.org.cn интернет барагы шардана кылды. Дүйнөлүк банктын маалымдашынча, БАБЖ долбоорунун аркасында өзгөчө жакырчылыктын чидеринен бери дегенде 7,6 миллион киши чыгат, ал эми кедейликтен 32 миллион киши кутулат. Бул долбоордун өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,8-9,7 пайызга өсүшү күтүлөт. Эми көбүнесе Батыштагы адистер ортого салып жаткан тынчсызданууларга келсек, алардын биринде БАБЖ долбоору Кытайдын карызга батыраар тузакка түшүрчү оторчул айла-амалына айрым өлкөлөрдү кириптер кылышы ыктымал, деп айтылат.   Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук экономикасы кыйла чабал. Маселен, Тажикстан мамлекеттик карыз үчүн айрым чек ара жерлерин соодалашкан, деген жоромол бар. Кыргызстандын калкы да ушул жаатта санааркоодо. Чөлкөмдөгү калайыктын айрым бөлүгү «кытайлык оторчулук» коркунучу бар деп саал кооптонуп келет. Бул – киши факторуна таандык көйгөй. Бул көйгөй болочокто түпкүлүктүү калктар өздөрүнүн аймагынын бүтүндүгүнө гана шек туудурулуп чектелбестен, этностук кимдигин, өзгөчөлүктөрүн жоготуп албайбы? деген санааркоолорго байланыштуу көңүл бурууну да өзгөчө талап кылат. Этномаданий өз алдынча кимдикти сактап калуу –– бийликтин гана эмес, жарандык коомдун да бышып-жетилгендигинин башкы көйгөйү. Бул маселени чечүү – улуттук элитанын тарыхый милдети болуп саналат. Бир маселе түшүнүктүү: эгерде Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр жана элдер ич ара ынтымакка жетише албаса, анда алар чөлкөмдүн тегерегиндеги кубаттуураак оюнчулардын өз таасирин таңуулоосунун мерчемине оңоюраак айланышы ыктымалдан алыс эмес. Көптөгөн адистердин баамында, бирдиктүү этностук-маданий идеяга жана саясий максатка таянган ички чөлкөмдүк интеграция – чөлкөмдүн эли жана анын айдыңдык элитасы үчүн олуттуу тарыхый чакырык болуп саналат.   Рустем Жангожо (Жангожа), доктор, саясат таануучу илимпоз, Украина стратегиялык изилдөө институту. Ред.: Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Читайте также

В тренде на этой неделе

Порт пяти морей. В Москве стартовал летней сезон речной навигации

Утренние пробки в Подмосковье составили 4 балла 26 апреля

Утренние пробки составили 5 баллов в Подмосковье 25 апреля

Утренние пробки в Подмосковье составили 4 балла 27 апреля

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я