Украина: Сумы шаарынан элди эвакуациялоо аракети жүрүп жатат
0
236
Украинанын расмий өкүлдөрү 8-мартта Сумы шаарынан эки колонна эвакуацияланган эл чыгарылганын билдиришти. Анын алдында Орусия менен ок атууну убактылуу токтотуп, гуманитардык коридор түзүү макулдашылган. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Сумыдан чыгарылгандар Полтавага карай бет алганын айтты. Эвакуациялангандардын арасында индиялык жана кытайлык студенттер бар. Ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт менен, саат 21ге чейин уланмакчы.
Алдыңкы күнү шаар орус армиясынын аба соккусуна кабылганда 21 киши мерт кеткенин, арасында эки наристе болгонун Украинанын Башкы прокуратурасы билидрди. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү украиналык төрт жоокер окко учканын маалымдады.
Орусия кошуна өлкөгө басып киргенден бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүндүгүн кабарлады
Эң аянычтуу абал Кара деңиздеги Мариуполь шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулук жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.
Киевдин жака белиндеги Ирпень шаарынын тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого туш болгонун айтып беришти.
Батыш жана аналитиктер орус армиясынын тез согуш планы ишке ашпай калгандан кийин Москва тактикасын өзгөртүп, украин шаарларын кысууга киришкенин айтышууда.