Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13 14
15
16
17
18 19 20 21
22
23 24 25 26 27 28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Украинадагы кыргыздар: “Сыртка чыкпай жашынып отурабыз”

0 53
Украинадагы кыргыздар: “Сыртка чыкпай жашынып отурабыз”

Реконструкция Корсаковского порта – ключ к развитию Сахалина

Подполье: ТЭС в Бурштыне поражена российским ударом

Опубликованы кадры уничтожения истребителя МиГ-29, ЗРК С-300ПТ и РЛС 79К6 «Пеликан» под Днепропетровском

Опубликованы кадры уничтожения МиГ-29, ЗРК С-300ПТ и РЛС 79К6 «Пеликан» ВСУ

Украинадагы жарандарын эвакуациялоо аракетин улантып жатат. Элчилик 28-февралда Украинанын борбору Киевден 107 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кетти. Украинанын Киев баштаган бир нече аймактарында кыргызстандыктардын ичинен ар кандай жол менен башка өлкөгө чыгып кетип жаткандар бар. “Сыртка чыкпай жашынып отурабыз” Украинадагы кыргызстандыктарды издеп жатып, ал өлкөдө кыйын кырдаалга туш болгон мекендештерди таптык. Донецк аймагындамын деген кыргызстандык атын атасы келген жок. Анын айтымында, Донецкиден мекенине кете албай турган төрт кыргызстандык үй-бүлө бар. “Кечээ катуу атышуу болду эле, бүгүн тынч уктадык. Көчөгө чыкпай отурабыз. Кайсы элчиликке кайрылышыбыз керек? Азыр биз кимге карайбыз? Киевби же Орусиябы? Менден башка төрт кыргыз үй-бүлө сыртка чыкпай отурат. Баарынын эле кетебиз деген ою бар. Бирок, өздөрүнүн жана балдарынын документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондуктан чыгып кете албай турушат. Менин документим жайында бирок, 23 жаштагы балам бар. Азыр көчөгө чыксак эле баламды алып кетишет. Башка кыргыздарга жардам берсе жакшы болмок. Биз бул жерде көп жылдардан бери жашайбыз. Үйүбүз талкаланды, - деди ал. Бул кыргызстандык Донецкиде кайсы өлкөнүн жарандыгын алганын айткысы келбеди. “Чек ара ыктыячы болдум” Ал эми Киевде иштеп жүргөн Арген Жумагазиев согуш башталгандан бир күндөн кийин эле Варшаваны көздөй жөнөгөн. Ал жолдон көргөндөрүн мындайча баяндап берди: “Машине сатып иштечүбүз. 24-февралда согуш башталды. Бир аз машинелерибиз бар болчу. Аларды коопсуз жерге катып, жолго чыктык. 25инде эртең менен саат 10дордо чыгып кеттик. Эрте чыкмакпыз, май куюучу жайларда кезек болду. Львов облусунда “Шегини” деген өткөрмө бекет бар экен. Ошол жерден чыгып кеттик. Ал жерде машинелердин кезеги 40 чакырымга созулду. Биз тоолорду аралап 15 чакырым кыскарттык, анан кайра 15 чакырымдай жөө басып чек арага келдик. Чек арада башаламандык. Үч аскерге жардам берип байкем экөөбүз элди киргизип, ыктыярчы болуп төрт сааттай иштедик. Ал жакты иреттешип, биринчи балдарды, аялдарды өткөрүп иштедик. Эки миңдей кишинин арасында ыйлап, эсин жоготуп кулагандарды көрдүк. Чек арадан ашып секиргендерди токтотуш керек болду. Кадимки Ооганстандагы согуштай абал болду. Элчиликти күткөндөй убакыт жок болчу. Таңка менен тебелеген окуялар биздин райондо болду. Бул жерден согуштан корккон жокпуз, көчөдөн улутчулдарга кабылып калбайлы дедик”, - деди Арген. Украинанын ар кайсы аймактарындагы кыргызстандыктар түрдүү жолдор менен коңшу мамлекеттерге чыгып кетип жатышат. Эл аралык уюмдардын биринде иштеген атын атагысы келбеген кыргызстандык өзү иштеген уюм аркылуу чыгып кеткенин айтып берди. “Луганск облусунда, Донбасста болчубуз. Эки күн мурда жолго чыкканбыз. Днепропетровск деген облусундагы Днепр деген шаарында жаттык. Жолдон ар бир шаардын кире беришинде жана чыгып жатканда элдик кошуундар сыяктуу куралчан кишилер ар бир машинени текшерип жатты. Өрттөлгөн техника көп экен. Украина менен Молдованын чек арасына келип 7-8 сааттай турдук. Кезек аябай көп болду. Учурда Молдованын борбор шаарында турабыз”, - деди кыргызстандык. Согуштук аракеттер дагы деле уланып жаткан Киев шаарынан байланышка чыккан мекендешибиз Азамат Исмаилов Украинада кыргыз диаспорасын жетектейт. Анын айтымында, 28-февралда Киевден кыргыз жарандарын коопсуз жагдайда алып чыгып кетүүгө аракет башталды. “Бүгүнкү түн мурункуларга караганда тынчыраак болду. Коменданттык саат аяктап элдер сыртка чыкты. Көчөдө саат кечки 10го чейин жүрсө болот. Киевдин өзүндө 300гө жакын кыргыз бар. Өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен чыккандар 25 кишидей болду. Алар Польша, Молдовага чыгышты”. Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Идрис Кадыркулов 28-февралда саат Киев убактысы менен 13:00дө 107 кыргыз жараны Венгрияга жөнөп кеткенин кабарлады. Анын 34ү балдар. Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган. Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда. 26-февралдагы элчиликтин маалыматына ылайык, консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышта болуп турган. Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 жаран бар. 27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо бараткан. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданып жаткан. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратканын кабарлаган. Украинадагы окуяларга байланыштуу дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да талкуулар, акциялар өтүп жатат. 28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өттү. Акцияга чыккан ондогон кыргызстандыктар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Украинага даңк!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап, кыйкырып турушту. Ал ортодо Украинанын Кыргызстандагы элчиси өз өлкөсүндөгү соңку окуялар, кыргыз-украин кызматташуусу тууралуу журналисттерге маалымат берди. Элчи Украина менен Орусиянын ортосундагы абал кыргыз-украин мамилесине таасирин тийгизбей турганына ишенет. 24-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушкан. Анда Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абалдын курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген. Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Читайте также

В тренде на этой неделе

Реконструкция Корсаковского порта – ключ к развитию Сахалина

В сети показали удар русской ракеты по эшелону ВСУ в Синельниково - видео

Появились кадры удара фугасной авиабомбой по зданию с ВСУ в Угледаре

Подполье: ТЭС в Бурштыне поражена российским ударом

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я