Украина: шайлоочулардын 49,84% добуш берди
0
20
Украинада жергиликтүү саат боюнча 20:00гө карата добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы саны 49,84% түздү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бир катар облустарда (Винниц, Волынск, Днепропетровск, Житомирск, Запорожск, Киев, Львовск, Полтавск, Сумск, Тернопольск, Харьковск, Хмельницк, Черкасск, Черниговск) добуш бергендердин көрсөткүчү 50% ашкан.
Киевде шайлоочулар эң аз катышып, добуш бергендердин саны 49 пайызга бир аз жетпей калды. 21-июлда Украинада парламенттик шайлоо өтүп, ага бардык партияларды кошкондо дээрлик алты миң талапкер ат салышты. Добушканалар саат 20:00дө жабылды.
Улуттук экзит-полдун алгачкы жыйынтыгына ылайык, Жогорку Радага беш партия өтөт. Алар: "Эл кызматчысы" ("Слуга народа"), "Европа тилектештиги" ("Европейская солидарность"), "Оппозициялык платформа", "Голос" жана "Күч жана намыс" ("Сила и честь").
Крым жана Донбасс украин бийлигинин көзөмөлүндө эместигине байланыштуу ал аймактарда добуш берүү болгон жок.