Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Июль 2014 Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022
Май 2022
Июнь 2022
Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023
Март 2023
Апрель 2023
Май 2023
Июнь 2023
Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Украинадагы журтташтар: Луганскиде дүрбөлөң, Киевде жардыруу

0 128
Украинадагы журтташтар: Луганскиде дүрбөлөң, Киевде жардыруу

"Спасибо за Победу!": ветеранов поздравляют по всей Нижегородской области

Бойцы новосибирского отряда спецназа Росгвардии провели урок мужества в Северодонецкой школе

Глава Реутова провёл встречу с предпринимателями

«Единая Россия» дала старт ежегодной акции «Собери ребенка в школу»

«Азаттыктын» кабарчылары учурда Украинада жашап жаткан кыргызстандыктар менен кабарлашып, кырдаал тууралуу сурады. Эралы Пайзиев: Луганскиде эл дүрбөлөң түшүүдө Кыргызстандык Эралы Пайзиев учурда Украинада жашайт. Ал соңку кырдаал боюнча "Азаттыкка" буларды айтты. - Эралы мырза, сиз учурда Украинанын аймагында экенсиз. Азыркы кайсы шаардасыз жана ал жактагы абал кандай болууда? - Мен азыр Украинанын Луганск облусунун борборунда Северодонецк шаарында турам. Бул аймак Украинанын көзөмөлүндө. Азыр абал кооптуу. Украина көзөмөлдөбөгөн аймактан орус аскерлери келе жатат деген маалымат тарады. Учурда шаарда эл дүрбөлөңгө түшүп жатат. Эки-үч жолу катуу сокку болду. Артиллериядан атылдыбы же абаданбы, биле албадым. Эл азыр банкоматтан акчасын чыгарып жатат. Азык-түлүк дүкөндөрдө кезекке турушууда. Кыскасы, облустун аймагынан чыгып кетүү керек болуп жатат да. Себеби, облус жетекчилиги "Луганскиден чыгып кеткиле" деп көрсөтмө берди. - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы элчилик менен байланышууга чакырып жатат. Сиздер кыргыз элчилиги менен кабарлашып жатасыздарбы? - Кыргызстандын элчилиги менен байланышканыбыз жок. Бирок, элчилик менен тыгыз байланышта болуп турган кесиптеш, жердештерибиз бар. Бизге биринчи кезекте эмне кылуу керек, кимге, кайсыл телефонго байланышуу зарыл деген көрсөтмөлөр берилди. Муктаждык жаралса, дароо байланышабыз. - Луганскиде сизден башка канча кыргызстандык бар? Алардын абалы кандай? - Жалпы канча кыргызстандык бар экенин так айта албайм. Бирок мен турган жерде төрт-беш кыргызстандык бар. - Абал оор экенин айтып жатасыз. Жардыруу, аткылоо болуп жатканы кабарланууда. Коргонуучу жайлар бар бекен, кантип коргонуп жатасыздар? - Коргонуучу жерлердин жанында турабыз, аткылоо курчуп кетсе, ошол жакка кирип сактанабыз. Биздин шаарда мурда деле көп аскерлерди байкачу эмесмин. Алар шарттуу чек ара делген аймактарга жакын турушчу да. Азыр ачык салгылашуу жүрүп жатканын байкаган да жокпуз . Бирок кээ бир стратегиялык шаарларды алып койду деген маалыматтар таркап жатат. Луганск облусунун эле чек арасына жакын аймакта ГЭС, ЖЭБ сыяктуу олуттуу стратегиялык объектилер жайгашкан шаарларды украиндер алдырып койду деп жатышат. Динара Рыспаева: Киевден эч кайда кетпейбиз "Азаттык" Киевде 30 жылдан бери иштеген дарыгер Динара Рыспаева менен байланышып, учурдагы кырдаал тууралуу сурады.   - Динара айым, учурдагы абал тууралуу айтып берсеңиз? Эмне болуп атат? - Азыр мен даярданып жатам, дарыканага чуркап барып керектүү дарыларды алайын дегем. - Киевде абал кандай, элдин маанайы? - Мен көчөгө чыга элекмин, кызым чыгып келди. Эл машине менен шаардан чыгып кетип жатканын байкаптыр, шаардын сыртындагы үйлөрүнө кетип жатат окшойт. Жалпысынан баары эле чочулап жатат. - Шаарда жарылуулар угулуп жатабы? - Жок, уккан жокмун, эртең менен жергиликтүү каналдагы жаңылыктардан айтышты. Бизден алыс эмес Васильковский деген жерде жарылуу болуптур. Турак үй, балкондору жабыркады деп уктум, бул бизден алыс эмес эле жерде. Ал жакка 15 мүнөттө эле жетсе болот. - Сиз бир жакка кетейин деп ойлонгон жоксузбу? - Жок, эч жакка барбайбыз. - Сиздин тааныштарыңыз, досторуңузчу? - Шаар сыртында үйү барлар кетип жатат. Кээ бири кадимкидей эле жашоосун улантып жумушка барууда. Бирок жалпысынан зарылдык болбосо, сыртка чыкпай өзгөчө кырдаал абалында турабыз. Медицина кызматкерлери жана башка өзгөчө абалдагы жумушчулар ар дайым даярдыкта болуп турушу керек. Менин ишим башка тармакта болгондуктан, бүгүн жумушта эмесмин. Бейтаптарга "бүгүн мага келбегиле" деп айтып койдум. - Коркуп жатасызбы? - Ооба, биринчи укканда киши коркот экен. Бирок баары эле дүрбөп, качып жүрөт деп айта албайм. Тескерисинче, эл кайра ачууланып, аягына чейин күрөшөбүз деген маанайда тургансыйт. Валюта базары абалга дароо эле реакция жасады. Чет элдик валютанын курсу дароо көтөрүлүп кетти. Жалпысынан жолдор жабылган, эл каякка кетмек эле. - Абал мындан да курчуп кетсе эмне кыласыз? - Айттым го, бул менин мекеним, ушул жерде калам, өз жеримди коргойм. Кызым аймактык коргоо бөлүмүндө, кайда барам?

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я