Добавить новость
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015 Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017 Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
Июнь 2024
Июль 2024
Август 2024
Сентябрь 2024
Октябрь 2024
Ноябрь 2024
Декабрь 2024
Январь 2025
Февраль 2025
Март 2025
Апрель 2025
Май 2025
Июнь 2025
Июль 2025
Август 2025
Сентябрь 2025
Октябрь 2025
Ноябрь 2025
Декабрь 2025
Январь 2026
Февраль 2026
Март 2026
Апрель 2026
Май 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Орусиянын Украинанын чыгышындагы "оюну" тынчсыздандырууда

0 126
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги билдирүүсүндө орус бийлигине Украинанны чыгышындагы соңку кырдаалды талкуулоо сунушталганы айтылат. Анда расмий Киев Орусияны соңку күндөрү Украина менен чек аралаш аймактарга жайгаштырган аскерлерин алып кетүүгө чакырган.


“Тилекке каршы, орус тарап бул өтүнүч боюнча зарыл болгон маалыматты берүүдөн баш тартты”, - деп айтылат билдирүудө.


Мындан сырткары украин президенти Владимир Зеленскийдин бийлиги  кырдаалды талкулоо сунушун орус президенти Владимир Путинге жолдогону белгилүү болду. Бул тууралуу билдирген Зеленскийдин маалымат катчысы Юлия Мендель сунушка Кремль азырынча жооп бере электигин шардана кылды.


Менделдин маалыматына ылайык, Орусия соңку күндөрү Украина менен чек арага жакын аймакка 40 миңдей, дал ушундай эле сандагы жоокерди басып алынган Крым жарым аралына жайгаштырган.


Бирок орус бийлиги Киевдин сунушуна так жооп бербей жатат. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун “акыркы учурда кайсы-бир сунуш тууралуу кабарым жок” деп айтканын орус маалымат каражаттары жазып чыкты.




Орусия аскерлерин Украинага жакын жайгаштырууда


Орусия апрель айынан тарта Украина менен чек аралаш аймактарга жана Крым жарым аралына өз аскерлерин кошумча жайгаштырууда. Муну орус бийлиги Украинадагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деп түшүндүрүүдө.


Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып жатат. Алар орус бийлиги Украинанын чыгышына өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан жокпу деп кооптонушууда.


Кремль Батыш өлкөлөрүнүн орусиялык аскерлерди кайра артка жөнөтүү чакырыгын четке какты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кайрадан украин бийлигине опузалаган билдирүү жасады.




“Мунун аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Анткени, азыркы украин бийлиги өз рейтингин калыбына келтиребиз деп жатып, ойлонулбаган кадамдарга барышы ыктымал”, - деди ал. 


Айрым серепчилер Кремль мындай жол менен АКШнын президенти Жо Байдендин Украина боюнча турумун байкап көрүүдө, деп божомолдоодо.


АКШнын бийлиги болсо Орусия “ойлонбостон же баскынчыл иш-аракетке” барса, анда кесепети оор болоорун эскертти.


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 11-апрелде NBC каналына курган маегинде: "Президент Байден бул жөнүндө оюн абдан таасын айтты. Эгерде Орусия ойлонбостон же баскынчыл иш-аракет кылчу болсо, анда анын айынан чыгымдарга, кесепеттерге туш болот", – деди.


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-апрелде "эч ким согушту көздөп отурган жок", – деп билдирип, бирок Москва Украинанын чыгышында жашаган орус тилдүүлөрдүн тагдырына "кайдыгер карабайт" деп да кошумчалаган.




Мындан сырткары Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб болсо Лондон менен Вашингтон "Орусиянын Украинаны туруксуздаштыруу далаалатына караманча каршы турушат" деп билдирген жана Орусияны ансыз да чыңалып турган кырдаалды курчутпоого чакырган.


Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын бир тараптуу басып алган. Андан тышкары Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий, саясий колдоо көрсөтүп келген. Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүүдө. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13200дөй киши набыт кетти.


Андан бери аймакта ок атууну токтотуу боюнча бир нече келишимге кол коюлса да, алардын шарты эч сакталган жок.


Быйыл жаздан бери Донбасстагы ок атуулар көбөйүп, 26 украин жоокери курман болгону расмий айтылды. Былтыр жылы бою жалпысынан 50 аскер окко учкан эле. Ал эми Донецк жана Луганстагы жикчилерден быйыл 20дан ашык киши набыт болгону кабарланууда. 

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я