Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015 Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017 Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Киев "киберчабуулдар" үчүн орусиялык чалгын кызматын айыптайт

0 41
Киев

Росгвардеец оказал медпомощь пострадавшему в ДТП жителю Нижегородской области

Росгвардейцы пресекли подготовку диверсий в лесном массиве ЛНР

Росгвардейцы пресекли попытку диверсий в лесном массиве ЛНР

Более 30 улиц в Томске останутся без света 15 мая

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады. Расмий Киев ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырды деп шек кылууда. Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк жашыруун маалыматтарды уурдоого багытталган орус хакерлеринин «кеңири өлчөмдөгү киберчабуулун токтоткону» тууралуу жарыялады. Украин атайын кызматы бул киберчабуулду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп айыптоодо. Бул тууралуу украин коопсуздук кызматы 16-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында жарыялады.  Расмий Киевдин жоромолуна караганда, ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы ири виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырган сыяктанат. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоонуу Кеңешинин катчысынын орун басары Сергей Демедюк бул киберчабуулдарды Украинада орусиячыл депутаттар Виктор Медведчук менен Тарас Козакка салынган санкциялар менен байланыштырган. «Чабуулдар саат сайын белгилүү бир ыргакта жасалып жатты. Кээ бири чабуулдарга бөгөт кылчу санариптик буйрукту атайлап алаксытуу үчүн жасалды», – деген Демедюк хакерлер сайттарды өчүрүүгө жана документтер сакталган ресурстарга вирус киргизүүгө аракет кылышканын белгилеген. Орусия тарап бул соңку айыптоолорго азырынча жооп бере элек. Буга чейин да Киев Орусияны «гибриддик согуштун» алкагында бир нече ири киберчабуулдарды уюштурду деп айыптаган. Февралда Украинанын Коопсуздук жана Коргоо министрликтеринин расмий интернет барактарына Орусиянын аймагындагы белгисиз интернет ресурстардан киберчабуулдар жасалганы маалымдалган. Бирок ал учурда расмий Москва мындай дооматты четке каккан болчу. Февралдын башында Украинада Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңешинин чечими менен «112 Украина», «ZiK» жана «NewsOne» телеканалдарына санкциялар салынып, алардын берүүлөрүн Украинада обого чыгаруу токтотулган. Телеканалдардын ээси катары Жогорку Раданын депутаты Тарас Козак башкарып келген, бирок алардын чыныгы кожоюну – «Оппозициялык платформа - Өмүр үчүн» партиясынын лидери Виктор Медведчук экени айтылып келет. Медведчук өз кезегинде Москвага тез-тез каттап, Кремлдеги байланыштарын жашырбагандыгы үчүн элде "Путиндин жоролошу" («кум Путина») деп каймана аталып калган. Украинанын президенти Владимир Зеленский  Орусияга байланыштуу сыналгы каналдарга санкция салынышын «баскынчы өлкө каржылаган үгүткө каршы күрөш»  ыкмасы катары негиздеген. Расмий Кремл мындай чечимди сынга алган.  Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков санкциялар «эл аралык норма менен стандарттарга да, маалымат эркиндиги тууралуу түшүнүктөргө да туура келбейт» деп  белгилеген. Кийин Украинада санкциялар Виктор Медведчукка карата киргизилип, анын жана жакындарынын банк эсептери, турак жай мүлктөрү камакка алынган. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңеши Медведчуктун каржылык иштери «Донбасста терроризмди каржылоо» деген шек менен текшерилип жатканын кабарлаган. 2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралына аскерлерин киргизип, зомбулук менен каратып алгандан бери Киев менен Москванын алакасы чыңалып турат. Москва дазыркы тапта деле Украинанын чыгышындагы өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» деп атап алган, украин өкмөтүнө каршы согушуп жаткан орусиячыл жикчилдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Орусия Донбасстагы жикчилдерди акча, курал-жарак берип жана машыктырып жатканын тастыктаган мол далилдерге карабастан,  Кремл муну бир канча жолу танган. Украинанын чыгышындагы 2014-жылдын апрелинен берки уруштардын айынан  13,000ден ашуун киши набыт кетти.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я