БУУ: Донбасстагы согуш беш жылда 3330 карапайым адамдын өмүрүн кыйды
0
20
2014-жылдын жазынан бери Донбасстагы согуштун айынан 3330 карапайым адамдын өмүрү кыйылганын Бириккен Улуттар Уюму жаңы баяндамасында тактады.
Мындан тышкары 9 миң чамалуу адам жаракат алып, 1 миллион 300 миң киши турак жайын таштап көчө качканы белгиленет.
2014-жылдан бери Украинанын Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн. Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет.
Улуттар Уюмунун белгилешинче, куралдуу жаңжалдын кесепетинен бир өлкөнү эки бөлгөн 427 чакырым “чек ара тилкеси” пайда болгон. Анын айынан тилкенин бир тарабындагылар негизги тейлөөдөн же жардамдан куржалак калышкан. Уюмдун маалыматына караганда, учурда 3,5 миллион адам жардамга муктаж.