Европарламент Орусияны кармалган украиналыктарды бошотууга чакырды
0
18
Жаңы шайланган Европа парламенти Орусияда кармалган украин жарандарын, анын ичинде моряктарды кое берүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды.
Парламентарийлер өздөрүн “Луганск элдик жумурияты”, “Донецк элдик жумурияты” деп атаган аймактарда камакта отургандардын тизмесин берүүгө үндөштү.
Ошондой эле европалык депутаттар Крымдын аннексиясын дагы бир жолу айыптап, Москваны эл аралык нормаларды сактоого чакырышты.
Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский туткундарды «башма баш» айырбаштоону сунуш кылган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва сунушту колдорун айтты. Бирок тараптар ошондой айырбаштоо кантип жүрүшү керектигин ар башка түшүнүшөрүн кошумчалады.