Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Апрель 2010
Май 2010
Июнь 2010
Июль 2010
Август 2010
Сентябрь 2010
Октябрь 2010
Ноябрь 2010
Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013 Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014 Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016 Май 2016 Июнь 2016 Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017 Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Харьков: Миңдеген киши Орусияга каршы жүрүшкө чыкты

0 64
Харьков: Миңдеген киши Орусияга каршы жүрүшкө чыкты

Ульяновские росгвардейцы прошли торжественным маршем перед домом ветерана Великой Отечественной войны

Новый поезд в Крым запустят с 25 мая через Воронеж

Ваш спаситель на дороге: услуги эвакуаторов от профессионалов!

Ваш спаситель на дороге: услуги эвакуаторов от профессионалов!

Украинанын Харьков шаарында миңдеген тургундар Москванын болжолдуу кол салуусуна каршы жүрүшкө чыгышты. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия  Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн эскертти. Бирок Москва мындай планы жок экенин билдирип жатат. Орусиянын чегинен 30 чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан Украинанын экинчи ири шаарында ишемби күнү 5 миңдей киши жүрүшкө чыкты. Харьковдун тургундары көк жана сары түстөгү 100 метрлик украин желегин көтөрүп, "Украинага даңк, баатырларга даңк!" деп ураан чакырып жатышты. Жергиликтүү саясий жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган бул демонстрацияга катышкандардын баары бир ооздон Орусияны Украинадан оолак турууга чакырышты. Алар орус армиясы Украинага басып кире турган болсо, өз мекенин коргоого даяр экенин да эскеришти. "Биз Орусияны бул жакта көргүбүз келбейт. Азыр өзүбүздүн мүдө-максатыбызды ачык билдирбесек, айрым акылсыздар Путинди чакыра башташат жана Донбасстын тагдыры кайталанат", - деп айтты Харьковдун тургуну Ирина Гаева. "Мен Путинге салам жолдоп, минтип айткым келет: "Путин, өзүңө жана өзүңдүн акылсыздыгына каршы согуш жарыяла!", - деди Микола Хришко. 1,4 миллиондой калкы бар Харьков танк, учак жана трактор чыгарган заводдор жайгашкан өндүрүштүк шаар. Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков чек арага жакын жайгашканы үчүн Орусиянын болжолдуу чабуулунун негизги бутасы болушу мүмкүндүгүн эскерткен. АКШ аскерлери Польшага келди Орусия кеч күздөн бери Украинанын түштүк-чыгышына жакын аймактарда 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтоду. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери келип жатат. Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн 6-февралда америкалык телеканалдарга курган маегинде айтты. "Биз Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук берет деген абдан анык ыктымалдуулук бар деп ишенебиз. Анын формасы ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Ал эң эрте дегенде эртең болушу мүмкүн, же бир аптанын ичинде орун алышы ыктымал. Ал армиясын жайгаштыруу менен өзүн Украинага каршы каалаган учурда агрессивдүү аракетке өтүүгө мүмкүнчүлүк берген позицияга коюп алды. Биз украиналыктарга материалдык жардам көрсөтүүгө биздин өнөктөштөрдү үндөө үчүн катуу иштеп жатабыз", - деди Салливан ABC телеканалы менен маегинде. Би-Би-Си 6-февралда АКШдагы бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазгандай, Орусия Украинаны басып алууга керек боло турган куралдуу күчтөрүнүн 70 пайызга чукулун топтоп койду. Маалыматка ылайык, февралдын ортосунан марттын аягына чейин жер тоң болуп турган кезде орус армиясы дагы оор аскердик техникасын Украина менен чек аралаш аймактарга алып келиши мүмкүн. Мындай болжолдуу коркунучтан улам Батыш жана НАТОго мүчө бир катар өлкөлөр Киевге дипломатиялык колдоодон тышкары курал-жарак жана каражат жагынан жардам көрсөтүүдө. 5-февралда Кошмо Штаттардан жөнөтүлгөн курал-жарактардын кезектеги тобу Киевге келип түштү. Reuters жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Вашингтон Украинага жалпысынан коргонуу тармагында 200 миллион доллардык жардам көрсөтүүнү убада кылган. Өткөн шаршемби күнү АКШ президенти Жо Байден НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн Украинадагы кризистин ыктымал эпкининен коргоо максатында Польша менен Румынияга 3 миңге чукул аскер жөнөтүү чечимин кабыл алган. Алардын алгачкы бөлүгү ишемби күнү Польшанын Жешув аскердик базасына келип түштү. "Жалпысынан АКШ армиясынын 1700 аскери Польшага жөнөтүлөт. Бул Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү. Чукул коңгуроо келип түшкөндөн кийин бир нече сааттын ичинде дүйнөнүн булуң-бурчунда тапшырмаларды аткаруу жана миссияны ишке ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлде жабдылган жана машыгуудан өткөн бөлүк", - деп билдирди поляк армиясынын өкүлү, майор Пшемыслав Липчинский. Орусия эмнени көздөйт? Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин, аскерлер машыгуу максатын гана көздөй турганын билдирип жатат. Ошентсе да Орусия "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деп катуу талап коюп жатат. Декабрь айында Москва мындай талаптары камтылган макулдашуулардын долбоорун АКШга жолдогон. Анда НАТО Украинадан, Кавказ аймагынан жана Борбор Азиядан оолак турушу керек экени, Түндүк атлантикалык аскердик альянс мурдагы советтик республикалардын аймагында өз аскердик базаларын ача албай турганы жазылган. Январь айынын соңунда Кошмо Штаттар Орусиянын мындай талаптарына жооп берген. Бирок Кремл ал жоопто башкы талаптары аткарылбай калганын айтып жатат. “Биз НАТОнун кеңейишине, Орусиянын чек арасынын жанына сокку уруучу курал-жарактарды жайгаштыруудан баш тартууга жана блоктун Европадагы аскердик инфраструктурасын 1997-жылдагы позициясына кайтарууга байланыштуу үч негизги талабыбыз эске алынбаганын көрдүк”, - деп билдирген 1-февралда орус президенти Владимир Путин. НАТО "ачык эшик" саясатын эч ким жокко чыгара албай турганын эскертип жатат. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я