Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015 Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022
Май 2022
Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Кулакка тартуу саясаты жана сүргүн

0 24
Кулакка тартуу саясаты жана сүргүн

Встанем! Давайте поговорим о роли русских в той великой победе

Ракеты-вышибалы ВС РФ

В курганском управлении Росгвардии состоялось итоговое совещание за полугодие

Росгвардейцы за две недели обнаружили более 350 взрывоопасных предметов в Херсонской и Запорожской областях

“Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин жашырын-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз. Трагедияны алдын алуунун бирден-бир жолу - көмүскөдөгү тарыхты, сынган тагдырларды эскерүү. Жеке адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдырларынан гана өлкөнүн бурмаланбаган тарыхын көрүүгө болот. Бир адамдын таржымалы бир доордун саясатын, ал мезгилдеги кылмыштарды, керек болсо ошол доордун бүтүндөй мазмунун чагылдырып бере алат. Өткөн кылымдагы cовет өлкөсү тарабынан өз жарандарына болгон эң чоң кылмыштардын бири - кулакка тартуу саясаты. Аталган саясат миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, тагдырын талкалады. Тоталитардык режимдин адам тагдырын сыноого салган аёосуз саясаттарынын бири коллективдештирүү мезгилиндеги кулакка тартуу саясаты жана социалдык негизде жүргүзүлгөн депортациялар жүз миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоосун башка нукка салды. Бул саясаттын башы тээ 1918-жылы 8-ноябрда Лениндин "... эгер кулак бүтүн бойдон кала берсе, эгер биз дүйнө жегичтерди жеңбесек, жок кылбасак, анда сөзсүз түрдө падыша жана капиталист кайра келет" деген сөзүнөн башат алат. Ошол миллиондордун тагдырына балта чапкан саясат Ыманбектин үй- бүлөсүн дагы айланып өткөн эмес. Токтобай уулу Ыманбек азыркы Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун жогорку өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Ыманбектин төрөлгөнү бешенесине оор тагдыр жазылып, бардар үй-бүлөдө төрөлсө дагы, балалыгынан эл башына түшкөн оор кезеңдерге күбө болду. Оторчулук саясаттын запкысы, 1916-жылдагы Үркүн окуялары, 1917-жылдагы революциялардан кийинки оор абал, коллективдештирүү мезгилиндеги кыйынчылыктар өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүнө туура келди. Ыманбек 1930-жылы 15 баласы, жакын туугандары менен кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалган. Ыманбектин ошол 15 баласынан эң кенже уулу төрт жашаар Асанкадырды гана жылкычысы Такырбаш тонуна орой качып, тай казандын астына катып, балага зар кемпири экөө уул кылып багып алып, кийин өзүнө каттатып алыптыр. "Өмүрүмдө жолуктурган эң муңдуу адам" Асанкадырдын небереси Лазат Такырбашованын чоң атасы тууралуу эскерүүсү: - Асанкадыр атам 1996-жылы 25-сентябрда 70 жаш курагында бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Сөөгү Көл-Төр айылына кире бериштеги мүрзөдө жерге берилген. Ыраматылык энем чоң атам бир күн мурун таң заарда туруп, атын токуп алып, эл-жерди кыдырып келип, эртеси төшөгүнөн турбай калганын айтчу. “Жарыктык, көрсө, ошол күнү баары менен коштошкон экен. Асан кайгы, баласаак киши болчу”, - деп эскерчү энем. “Сен өмүрүңдө жолуктурган эң муңдуу адам ким эле?”- деп сурап калды менден жакында эле бирөө. Мындай суроону чынында күтпөгөм. Адамда бир кем болот эмеспи. Көйгөйүн айткан да көп. Бирок, ошол замат көз алдыма чоң үйдүн чөнтөк бөлмөсүндө жалгыз отуруп алып, үн чыгарып обон созбой эле комузду муңканта черте берген кара-тору кичине абышка тартыла түштү. Көрсө, мен чоң атамды комузу жана муңдуу күүсү менен эстеп калган экенмин. Чоң атам ошол күүсүн черткенде тээ 1930-жылдары "кулак" деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалып кеткен туугандарын жокточу экен деп коём эми. Ара жолдо сөөгү көмүлбөй калган ата-энесин, бир туугандарын, ар жакка чиедей тарап кетип, дайыны чыкпай калган бир боорлорун эстечү экен деп коём. Ошондон улам “бооруң бүтүн болсун” деп бата берчү экен деп коём илгеркилер. Ыманбек уулу Кадыр. Бөтөн жерден ата журтка узак жол Сүргүндүн азап-тозогун көрүп, бөтөн жерде он эки жыл күн көрүп, 1941-жылы гана Украинадан бир туугандардын бири Кадыр, сүргүнгѳ айдалган чоң үй-бүлөдөн жалгыз ата журтуна аман кайтып келген. "Галифе шым, хром өтүкчөн бул карыя менин эсимде. Кат-сабаты жоюлган, китеп-гезит окуган, орусча кыйын сүйлөчү эле", - деп эскерет небереси Лазат Такырбашова. Балдардын ыйы, ата-тегинен, очогунан куулуп жаткан энелердин көз жаштары Кадыр атанын балалык эсинде түбөлүккө сакталып калган. Андагы тогуз жашар баланын эскерүүлөрүндө бийлик күчтөрү элди, анын ичинде ата-энесин, бир туугандарын жөө-жалаңдатып, кээ бирин араба сүйрөтүп, азыркы Балыкчыны көздөй айдап баратканда Ыманбек эки улуу кызы -  Сонунбүбүнү жана Салиманы күйөөгө качырган. Салиманы Тоңдун азыркы Каракоо айылына, Сонунбүбүнү Казакстанга турмушка узатуу алардын өмүрүн сактап калуунун бирден бир жолу экенине Ыманбек атанын көзү жеткен. Фрунзеде куугунтукталган кулактарды вагондорго салып жатканда, ызы-чуу, кымгууттан эки бир тууганы табылбай калганын, ата-энеси Ыманбек байбичеси менен, улуу агалары жолдо каза таап, сөөктөрү талаада калганын Кадыр ата эң чоң муңу катары эскерчү. Депортациялоону жүзөгө ашыруу максатында совет бийлиги жүк ташуучу вагондорду колдонушкан. "Кулак" деп сүргүнгө айдалгандар толтурулган вагондордо дем аларга аба жетпей, жүргүнчүлөр жайкысын ысыктан, кышкысын сууктан абдан кыйналышкан. Вагондордогу санитардык-гигиеналык шарттар чака менен чектелгенин, салттуу үй-бүлөдө жашаган кыргыз аялдары үчүн бул жагдай өтө оор болуп, заңдан чыккан жыт депортацияланган адамдардын кордугун жана азап-тозогун кыйла күчөткөнү жөнүндө Кадыр ата арман менен айтып берчү экен. Суунун жана тамак-аштын жоктугунан көпчүлүк адамдар көздөгөн жерине жетпей жолдо каза болушкан. Поезддерди куралдуу аскерлер коштоп, качып кетүүгө аракет кылган адамды атып салууга буйрук берилген. "Украинанын Херсон облусуна жеткенде бир үй- бүлөдөн өзү менен төрт бөбөгү - Табыш, Стал, Кенжакун, Өжөр тирүү калып, алар бала бакчага, өзү интернатка өткөрүлгөн экен. Көздөшүп жүрүп эле кийин таппай калган бөбөктөрүн эстегенде Кадыр атанын үнү каргылданып, каңырыгы түтөп кетчү", - деп эскеришет неберелери. Бир боорлорунан ажырап калган Кадыр атаны балдар үйүндө иштеген украин аял "сирота" деп жалооруп, башынан сылап, мээримин төкчү экен. "Сирота деген бөтөн жердеги менин ысымым го деп ойлочумун", - деп айтып калчу Кадыр ата. Аргасыз көчүрүлгѳн кыргызстандыктардын көпчүлүгү Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында отурукташкан. Азыр бул аймак Херсон облусуна карайт. Кадыр ата дагы Чалбасы айылындагы балдар үйүндө Асанкан Жумакматов, Касымакун Малиевдер менен чогуу окуп, бир интернатта чоңойгон. Тарыхтын кескин барактары адамдардын бөтөн жерде жашап, кубанып, жергиликтүү маданияттан жана жергиликтүү элден жаңы нерселерди үйрөнгөндүгүн четке какпайт. Украина ар дайым ар түрдүүлүгү жана байлыгы, анын ичинде музыкалык маданияты, ар кандай күүлөрү, аспаптары менен белгилүү. Кыязы, ошол алыскы мектеп-интернатта Кыргызстандан айдалып, сүргүндө жүргөн балдар өзүлөрү үчүн жаңы музыкалык маданиятты жана музыкалык аспаптарда ойноону ачышкан. Бекеринен Асанкан Жумакматов Херсон районунун Чалбасы айылында сүргүндө жүрүп, Кадыр ата менен биргеликте окуп, келечекте Кыргызстандын чегинен тышкары белгилүү дирижёр болуп калбагандыр. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин улгайып калган Кадыр ата балдардын кучагында скрипкада ойноп жатканын көрөбүз. Көкүрөгүн өйүгөн арман Кадыр ата Украинада Валентина деген орус кызга баш кошот. Бир уулдуу болуп, уулунун атып Талип коюшат. Орус жубайы уулун "Толик" деп чакырарын эскерүүлөрүндө айтчу экен. Кадыр ата Экинчи дүйнөлүк согуш башталган соң, туулган жерине кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жолго аттанат. Жубайы улгайган энесин таштап кете албай, уулу Талип менен калып калат. Кадыр ата өмүрүнүн аягына чейин уулум, бир боорлорум издеп калабы деп орустардын "Жди меня" телекөрсөтүүсүн калтырбай көрчү экен. "70 жыл жашоомдун жарымын жашоо деп эсептебейм"- деп айтчу эле деп эскерет келини Бурулсун эже. Бир боорлору кандай тагдырга туш болгонун, өлүү-тирүүсүн билбей калганы өмүрүнүн аягына чейин көкүрөгүн өйүгөн экен. "Асанкадыр атам да, Кадыр атам да Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан эмес. Ал кезде совет бийлиги “кулактын баласы”, “спецпереселенец” деп согушка чакырбай койсо керек. Кадыр атам согуш мезгилинде айылда жалгыз сабаттуу адам болгондуктан, кампага эсепчи болуп дайындалып, жазгы үрөндү эл ачкачылыктан өлө баштаганда таркатып жиберип, он жыл абакта отуруп чыкканы да бар. Анысына деле эч качан өкүнбөсө керек. Бул адамдардын согушу башка эле", - деп эскерет Лазат Такырбашова (Асанкадыр атанын небереси). Кадыр Ыманбек уулу абактан чыккан соң мектепте мугалим болуп иштеп, Сталинден кийин бираз жумшарган совет мамлекетинде тынч жашоосун уланткан. Бирок “кызыл империянын” кылыктарынан тарткан запкысы, жакындарынан айрылуунун муңу ичинде кала берген. 1954-жылы үйлөнүп, он эки балалуу болгон. Азыркы учурда он эки баласынан тараган небере, чөбөрө, жек-жааты өзүнчө бир урукка айланган. Кадыр ата 2006-жылы дүйнө менен кош айтышкан. Маек куруп, атасы, чоң аталары жөнүндѳ айтып берген Жаныбек Такырбашовго, жубайы Бурулсун эжеге жана небереси Лазатка "Эсимде" аянтчасынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Алагөз кызы Гүлзат

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я