Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015 Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023
Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023
Ноябрь 2023
Декабрь 2023
Январь 2024
Февраль 2024
Март 2024
Апрель 2024
Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Атасын 75 жыл күткөн бир туугандар

0 94
Атасын 75 жыл күткөн бир туугандар

В Росгвардии прошли посвященные 79-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне торжественные мероприятия

Америка потеряла статус гегемона, — Боррель

Военнослужащие Росгвардии провели патриотическое мероприятие для димитровградских лицеистов

В Росгвардии прошли торжественные мероприятия, посвященные 79-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне

"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп" аттуу талкуу аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Аида Кубатованын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлөнүн тагдырын баяндаган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин тарыхтын ачылбаган барактарында калган айрым адамдардын өмүр таржымалы бүгүнкү жана эртеңки кадамыбызды туура таштоого өбөлгө болот деген ниеттебиз. Тарыхты адамзат башынан кечирген олуттуу окуялар, коомчулук, анын ичинде ар бир адамдын жеке тагдыры да түзөрү белгилүү. Репрессия темасына кайрылган учурда көпчүлүк элдин анын капшабына кабылганы жөнүндө өлкө эгемендикке ээ болгондон кийин гана ачык айтыла баштады. Учурда репрессияга кабылган адамдардын балдары да саналуу эле калды. Алар узак мезгил бою оор окуяларды жүрөк түпкүрүнө бекитип, бирөөгө сыр кылып айтуудан да чочулап жашашты. “Эл душманынын баласы” деген атка калуудан корунуп, кемсинип, укуктары чектелип азап чегишти. Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Сталиндик репрессияда кыргызстандыктардын көбү Орусия, Украина, Казакстан жана Өзбекстанга айдалганы белгилүү. "Жети атамды билбеген кулмун” же “Кулактын” уулу Бейше атанын баяны Сталиндик доордун кандуу жылдарында кулакка тартылгандарды жаңы бийликке коркунуч жаратчу күч катары эсептешип, Кыргызстандан сырткары аймактарга мажбурлап көчүрүшкөн. Буларды белгилеп жатканыбыздын себеби, Украинага айдалгандардын катарында биздин чоң атабыз (тагыраак айтканда, жолдошумдун чоң атасы) Ниязалы Ашыр уулу да болгон. Украинага айдалган кыргызстандыктар Одесса облусундагы Харлов районуна жана Николаев облусундагы Скадовск районунун Чалбасы кыштагына (азыркы Херсон облусу, Цюрипинск району, Виноградово кыштагы) жайгаштырылган. Украинага айдалып кеткен Ашыр уулу Ниязалынын уулдары Ниязалиев Бейше (1931–2015) жана Кубатбек учурда Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жашашат. 90-жылдары эл ичинде ата-тегине, деги эле кыргыз элинин тарыхына кызыккандардын саны артты. Ошол учурда Бейше атанын жанына чогулган балдары, неберелери: “ата, биздин дагы жети атабызды билгибиз келет, ошолор тууралуу айтып бербейсизби?” деп сурап калышты. Мен дагы кызыгып кулак салдым. Атабыз оор күрсүнүп, “балдарым, жети атасын билбеген кул деп айтышчу эле, мен да ошондой кулмун” деп жашып кетип, жер чукулады. Баарыбыз ыңгайсыз абалда калдык. Бейше ата бир далайга чейин көзүн жуумп олтурду да, ушунча жыл жүрөгүнө катып келген сырды айта баштады. “Апамдын, айылдаштарыбыздын айтканы боюнча, атам Ниязалы бардар жашаган соодагер экен. Тез-тез эле Анжиян, Наманган, Талас аймактарын түрө кыдырып, соода кылып, үйүбүздөн эл үзүлбөй, акчаны арбын таап, тууган-урукка тең караган адам болгон дешет. Үйүнө кайтканда күн сайын согум союлуп, апаларыбыз, жок дегенде "күн алыс сойдурсаң боло" деп жемелешчү экен. Апаларыбыз дегеним, атамдын эки аялы болгон. Биринчи аялы Жумагүлдүн балдары токтобой коет. Бала дегенде ак эткенден так эткен үй-бүлө кеңешип, кийин атам бир топ жашка барып калганда экинчи аялын (Үмүрбаева Дилде) алыптыр. Атамдын эки жубайынын ынтымагына эл таң калчу экен, эже-сиңдидей ээрчишип Сатар, андан кийин Нурийла деген кыз багып алышат. Сатарды атам Ташкентке окууга алып барып киргизет. Кайсы окуу жай экенин билбейм, айтымы медицина жаатында окуган окшойт. Көп узабай үйү бакытка бөлөнүп, баланын ыңаалаган үнү жаңырат. Ошол эңсеп жүрүп көргөн уулунун атын Бейше коюшат. Бирок бактылуу учурлар узакка созулбайт, 30-жылдары атабызды кулакка тартышып, Украинага айдашат. Ошол учурда алардын колунда наристе (апам Дилде көз жарган соң, мени дароо эле Жумагүл апам багып калган экен) болгондуктан, аялдарга калууга уруксат беришет. Бирок апаларыбыз өмүрлүк жолдошунан ажырагысы келбей, атам менен кошо белгисиз тарапка жол тартышат. Калганда деле эч ким каралашпасын жакшы түшүнүшкөн го. Ниязалы суракка алына баштагандан тартып эле туугандары сыртын салып калганын кийин апам айтып калчу”. Сүргүндөгү жашоо. Бөтөн жердин азап-тозогу Жол азабы, көр азабы. Аптапта поезд Казакстандын кумдуу талаасын аралап баратканда тар купеге тыгылган элдин көрбөгөнү көр болот. Айрыкча балдар чырылдап ыйлап, жээкке чыгып калган балыктай аба жетпей кыйналышат. Ошондо Бейшени колуна көтөргөн апасы терезеге элдин көптүгүнөн жете албай азап тартат. Ага боору ооруган купедегилер баланы колдон колго өткөрүп, терезеге жакындатып, дем алдырышканын айтып берчү эле. Бактыга жараша наристе аман калат. Ал эми тагдырдын оор сыноосуна моюн сунгусу келбеген бакма уулу Сатар Украинадан Кыргызстанга эки жолу качкан экен. Бирок, аны айылдаштары эле кармап беришиптир. Экинчи ирээт качканда жазалоо иретинде атайылап сыртынан мыктын учун чыгарып кагылган жыгач вагонго (товардык) салып алып барышат. Жөлөнгөнгө мүмкүнчүлүк болбой, кээде тизелеп, кээде тикесинен тик туруп кыйналып келгенин айткан экен. Украинага жеткенде Сатардын мурдунан кан токтобой, жашоо менен кош айтышат. Мына ушундай трагедияны баштан кечирген Ниязалы Ашировдун үй-бүлөсү мекендештери менен Украинанын Чалбасы кыштагын байырлап калышат. Уулу Бейше эс тартып, мектепте окуй баштайт. Айтымы ошол жылдары элдин суроо-талабы менен балдарды окутуу үчүн Кыргызстандан мугалимдерди чакыртышкан экен. Чалбасыда окуп-билим алышкан жаштар өз эне тилинде, ошондой эле орус жана украин тилдеринде билим алып, мектепте дене тарбия, музыкадан да сабатын жоюшкан. Элдин турмушу бир аз оңолуп, барган жердин шартына көнүп, дыйканчылыкты үйрөнүшөт. Куугунтуктагы куугунтук. Жазыксыз жанды тооруган өлүм Жер шартына көнө баштаган элдин турмушу бир аз оңолгондо “Новый путь” деген колхоз уюштурушат. Бирок 1938-жылы жалпы союздук масштабда күчөгөн саясий репрессиянын капшабы Украинага айдалгандарга чейин жеткен. Ошол эле жылдын кыш айларында Ниязалыны да "кеңеш бийлигине каршы уюштурулган жашыруун уюмдун мүчөсү" деген жалган жалаа менен суракка алганы айдап кетишет. Кармалгандар менен кошо Скадовский районунун борборундагы түрмөгө камалат. Үй-бүлөсү ага колунан келишинче, тамак-аш ташып турат. Ошентип, Украинага айдалгандар алгач кулакка тартылып, эл-жеринен куулганы аз келгенсип, кандуу репрессиянын тырмагына илинишет. Чындыгында эле алардын репрессияга кабылганы тууралуу изилдөөчү Зуура Алтымышова берген Украинанын Херсон облустук Державний архивинин материалдарында тастыкталып турат. Андагы маалыматтарда, 1938-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан Украинага көчүрүлгөндөрдүн арасынан жалпысынан 63 киши кармалып, Украин ССРинин Жаза Кодексинин 54-2, 54-7, 54-10, 54-11 статьялары боюнча жоопко тартылганы жазылып турат. Аларга «1931–38-жылдар аралыгында Скадовск районунда жашап жаткан учурда жашыруун контрреволюциялык улутчул уюм түзүшүп, анын мүчөлөрү болушкан, Совет бийлигине каршы контрагитация жана ишмердүүлүк жүргүзүшүп, «Новый Путь» колхозун бүлдүрүүнү максат кылышкан, эски бай-манап укуктарын, уруулук таасирин жандандырууга аракеттенишкен жана мурда Кыргызстанда басмачылардын Кеңеш бийлигине каршы куралдуу күрөшүнө катышкан» сыяктуу айыптар коюлган. Чалбасы кыштагынан Сатаркул Жангарачев (1888-жылы туулган), Кыдырбаев Абдылас (1903), Кундубаев Сагын (1895), Байбосунов Арун (1907), Байбосунов Кожогул (1895), Бактыгулов Бейше (1889), Сатаев Бопой (1893), Аширов Ниязалы (1885), Жанузаков Исраил (1911), Жанузаков Исак (1906), Султанов Жапания (1897) бар. Камакка алынгандардын тогузу атууга кеткен. Алардын арасынан тирүү калган Байбосунов Арунду жана Жанузаков Исраилди 10 жылга эмгек түзөтүү лагерине жөнөтүү өкүмү 1938-жылы май айында жүзөгө ашкан. Атасынын атылганын билбей түрмөгө каттаган балдар 28 жылдан кийин гана, тактап айтканда 1960-жылы январь-март айларында Одесса Аскердик Округунун Аскердик Прокуратурасы жана Херсон облустук Мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан камалган кыргыздардын соттуулугунун тууралыгы текшерилген. 1959-жылы күбө катары суралгандар Чалбасыда жашаган кыргыздардын арасында эч кандай уюмдун болбогондугу, алардын ак ниеттүүлүк менен иштегени, эч кимиси Кеңеш бийлигине каршы чыкпаганы жөнүндө көрсөтмө беришкен. Ошол эле учурда Кыргыз, Түркмөн, Өзбек ССРинин Борбордук Архивдериндеги маалыматтардан алардын басмачылардын катарында Кеңеш бийлигине каршы күрөшпөгөндүгү такталган. Репрессияланган кыргыздардын Скадовск районунда жашыруун контрреволюциялык уюмду түзүшпөгөндүгү аныкталып, коомчулукка белгилүү болгон. Ниязалы Ашыр уулу да атууга кеткендердин катарында болгон. 1938-жылы 3-апрелде өмүр менен кош айтышкан. Бирок бул тууралуу анын үй-бүлөсү билбей, бир топко чейин түрмөгө тамак-аш жеткирип турушкан. Ниязалы атылган күз айында кош бойлуу жубайы көз жарып, дагы бир уулдуу болушат. Муну жакшылыкка жоруган эки эне арка-бел болсун деген ниет менен наристеге Кубатбек деген ысым ыйгарышат. Согушта баскынчылардын колунда калган Чалбасы Ал арада Ата Мекендик согуш башталып, ошол жердеги кыргыздардын жүзгө жакынын Карагандыдагы шахтыга иштеткени алып кетишкен. Чалбасы кыштагы фашисттик баскынчылардын колунда калган. 1943-жылы Украина бошотулгандан кийин Чалбасыдагы кыргыздарга эл-жерине кайтууга уруксат берилген. Ниязалынын бар-жогун билбей, сарсанаа тарткан үй-бүлөсү, балким артыбыздан келип калабы деген үмүт менен Кыргызстанга жол тартышат. Улуу баласы Бейше ошол мезгилде 14 жашта болсо, кичүүсү Кубатбек бештеги бала экен. Алар 1945-жылы 1-январда Украинадан товар ташыган поездге түшүп, улам которулуп отуруп, 20 күн дегенде Беловодскиге келишет. [1] Алтымышова З. Державний Архив Херсонской Области Украина, ф.4033, оп. 5., д.233, л.245–245 об. [1] Державний Архiв Херсонської Областi Україна, ф.4033, оп.5, д.233, л.391.   Сүргүндөн кийинки жашоо Кайтып келгендерди бул жакта деле оңдуу жашоо күтүп турган эмес. Аларды жашай турган үй-жай, жегенге азык менен эч ким камсыз кылган эмес. Албетте, бул учурда согуш жаңыдан аяктап эл каржалып турган, бир жагынан репрессияга кабылгандар менен катышкандан чочулаган маанай күч эле. Ошондуктан, эки эне балдары менен Дилде апанын жездеси Иманалы Малабаевдин үйүнө келип баш калкалап, бир-эки жыл жашайт. Эки жылдан кийин жездеси менен эжесине ыраазылыгын билдирген эки аял балдарын жетелеп чыгып кетишет да күзгө чейин алачык жасап, сыртын шыбап жашай башташат. Кийинки жылы жаз алды менен Украинадан көрүп келген ыкма менен ылай куюп үй салганга аракет кылышат. Колхоздо иштеп, балдарын багышат. Ушундай оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн энелеринин абдан ынтымактуу болгону жана экөө тең балдарды жанынан артык көрүп, бирдей кам көрүшкөндүгү уулдарынын жадында калган. Айылдаштары эки аялдын эгиздердей оокат кылганына, кайраттуулугуна таң беришчү экен. Балдардын улуусу Бейше атабыз окуусун андан ары улантып, сегизинчи класстан тартып, Москва районундагы Буденный орто мектебинде окуган. Анын айтканына караганда, Украинада келгендердин балдарынын баары эле жакшы окуган. Бейше атабыз окууну аяктар менен эле үй-бүлөгө кам көрүү түйшүгүн мойнуна алыптыр. Алгач китепканада, кийин айылдык кеңешке катчы, анан төрагасы болуп иштейт. Экинчи уулу Кубатбек Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын бүтүрөт. Ал атасынын дайынын билүү үмүтү менен Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырат. Бирок советтик доордо баары жашыруун сакталгандыктан, атасы тууралуу эч кандай маалымат таба алган эмес. Эки эне өмүрүнүн аягына чейин үмүт үзбөй Ниязалыны күтүшкөн. Бир чети балдарынын аман калганына, алардын очор-бачар болуп, неберелерин көргөндөрүнө каниет кылып жашап, дүйнөдөн өтүштү. Аз да болсо көрүп-билип калган улуу баласы ата мээримин сагынып жүрүп өтсө, кичүүсү Кубатбек энелерине эркелеп чоңойуп, атанын жогун анча сезбей калганын моюнуна алат. Балким, мындай сезим ошол мезгилде согуштан кийин атасыз жетим өскөн балдардын көбүндө болсо керек. Ошондой болсо да анда-санда атасынын жанында жүргөн балдарды көргөндө "менин да атам болсо кана" деп суктанганын айтып калчу. “Ким күнөөлүү, бийликпи, системабы же татаал тагдырбы?” Жакында эле 2013-жылы Бейше, Кубатбек аталарыбыз кокусунан изилдөөчү Зуура Алтымышованын макаласын окуп, андагы Херсон облустук архивинин маалыматтары менен таанышып калышат. Андан атасы Ниязалынын 1938-жылы эле атылып кеткенин билишет. Ага-ини 75 жылга созулган күтүүнүн аягы ушинтип бүткөнүнө же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн билбей бушайман болушту. Небере-чөбүрөлөрүнүн баары чогулуп, чоң атасы Ниязалынын арбагына арнап куран окутуп, эскеришти. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин Бейше атабыз дүйнөдөн кайтты. Кеч болсо да өмүр бою күткөн атасы жөнүндө чындыкты укканына ыраазы экенин айтып өттү. Азыр айрым адамдардан жети атасын санагысы келбей ыргылжың тартканын көргөн сайын Бейше атабыздын “Мага аларды айтып берген адам болгон жок. Атасыз өстүк, жакын туугандар бизден боюн оолак тутуп, сурап-билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок” деп муңайганы көз алдыма тартылат. Буга ким күнөөлүү, бийликпи, системабы же татаал тагдырбы? Азыр деле канчалаган ата-энесинен эрте ажыраган, айрым учурларда атасын эле эмес, энесин да көрбөгөн балдар да коомчулукта арбын. Алар менен сүйлөшкөн учурда кыргыздарда кеңири тараган, биз сыймыктанган жети атасы тууралуу кептерди укканда, алардын кандай абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан, ансыз деле тагдырдын оор сыноосуна кабылып, “аялуу катмар” катары өсүп жаткан жаштарга “жети атасы” тууралуу түшүнүктөн тышкары, “мекенчилдик”, “гуманизм”, “ыйман”, “үй-бүлөнүн ыйыктыгы” ж.б. сыяктуу түшүнүктөрдү аң-сезимине сиңирүүгө аракет жасоо керек экенин эске алсак болор эле. Киевдеги иш-сапар же СССРдин документтерин эмнеге жашыруун сыр кылып жашырышыбыз керек?” Мындан эки жыл мурда иш-сапар менен Киев шаарына барып калдык. Ал жерде архивдердин, айрыкча Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын архиви кандай тартипте иштегени бизди кызыктырды. Улуттук коопсуздук кызматынын архивине барган учурда, бизди сылык-сыпаа тосуп алышып, архивдин чакан окуу залы, заказдарды кабыл алуучу бөлмөсү жана документтер сакталган (сактоого ыңгайлуу, бардык шарттары бар) залын көрсөтүштү. Бизди кызыктырган 1937–38-жылдардагы документтерди кантип колго бересиңер" деп сураганда, алар: “каалоочулар үчүн эшик ачык, арыз жазса, бардык документтерин таап беребиз” дешти. Жашыруун эмеспи десек, “Жок, мамлекеттин (СССРдин) документтерин эмнеге жашыруун сыр кылышыбыз керек?” деп жооп беришти. Буга далил катары, алар Украинага айдалып, көчүрүлүп келген кыргыздар тууралуу Киевде сакталып турган азын-оолак архивдик маалыматтарды, сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жөн эле берип, таң калтырышты. Алардан толугураак маалыматты кайдан аларыбызды сураганыбызда, "Херсон жана Одесса облустук архивдеринен сураштыргыла" деп кеңеш беришти. Учурда азыраак изилдөөчүлөр ал жерлерден документтерди алып келип, тарыхыбыздын актай барактарын толтурууга аракеттерди жасап жатат. Биз өзүбүздөгү Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде сакталып турган 20 миңден ашуун адамдын тагдырлары камтылган материалдар менен саналуу гана адамдар таанышкандыгын өкүнүч менен салыштырдык. Макаланы даярдап жатып Ниязалы чоң атабыздын бир да сүрөтү, документтери сакталбагандыгын айта кетейин, балким алдыдагы изилдөөлөрдө Украинанын архивдеринен алына турган документтердин арасында башка дагы көптөгөн дайынсыз адамдар менен кошо сүрөттөрү же башка дагы маалыматтар табылат деген үмүттөмүн. Анткени, ар бир адамдын өмүрү, тагдыры өлкөнүн негизги байлыгы экендигин эстен чыгарбасак... Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхынын бөлүм башчысы.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я