Добавить новость
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022
Октябрь 2022
Ноябрь 2022
Декабрь 2022
Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023
Сентябрь 2023
Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024
Июль 2024
Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025
Февраль 2025
Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025
Январь 2026
Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Украинадагы журтташтар: жертөлөдө түнөдүк

0 138
Украинада чыңалган абалдан улам бул өлкөдөгү кыргызстандыктар түндү кооптонуу менен өткөрүшкөн. Айрымдары жергиликтүү тургундар менен бирге метро жана жертөлөдө баш калкалап жатканын жазышууда.


Украинадагы чыңалган кырдаалдан улам ал жактагы кыргызстандыктарга байланышуу кыйынчылык жаратууда. "Азаттык" менен кабарлашкан айрым мекендештер баш калкалоо үчүн метро жана жертөлөдө жашынып жатканын айтышууда.


Мекендештердин бири Турдубек 24-февралда Киевден чыгып кете албай, кайра үйүнө кайтып келгенин билдирди. Ал көпчүлүк менен бирге жертөлөдө отурганын, түндө Киевдин айрым райондору аткыланганын жазды.



"Азыр жертөлөдөбүз. Киевди ракета менен аткылашып, Осокорки районундагы бир турак үйгө бомба түшүп, өрт чыгыптыр. Түнкү саат үчтө сокку башталат деген. Чын эле октун үнүн уктук".




Атын атагысы келбеген дагы бир мекендешибиз учурда Украинанын Луганск облусунун борбору Северодонецк шаарында турат. Аймак Украинанын көзөмөлүндө. Ал маал-маалы менен октун үнү жаңырып, абал таңга жуук гана тынчыганын билдирди.


Анын айтымында, учурда азык-түлүк саткан бир гана дүкөн иштебесе, калган коомдук жайлардын баары жабылган. Мектептерде окуу онлайн болот дешкени менен сабак болгон эмес. Шаарда кыймыл дээрлик токтогон.


"Түндө бир аз абал чыңалды. Түнкү саат экиге чейин артиллериялык соккуларды угуп жаттык. Таңга маал атышуу бир аз басаңдады. Негизи биз турган жерди "коопсуз аймак" деп айтуу кыйын. Кырдаал тез өзгөрүп жатат. Украина көзөмөлдөп тургандыктан биз бир аз коопсуз жердебиз. Бирок бомбадан качуучу, коргонуучу жайдын жанында, 20-30 метрдей эле аралыкта турабыз. Ал жерде такыр шарт, даараткана да жок экен. Совет мезгилинде курулуптур. Ага өтө мажбур болгондо гана кирели деп турабыз", - деди маектешибиз.




Украинадагы мекендешибиздин айтымында, азырынча шаардан чыгып кетүүгө коридор жок.



"Азыр шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби, кайсы жактан чыгып кетебиз деген суроо болуп жатат. Аба майдандардын бардыгы иштебейт. Дээрлик бардык шаарларго чабуул болуп жатат. Эң коопсуз деген Украинанын батыш тарабындагы Львов, Ивано-Франковск шаарлары дагы коркунучка кабылды. Коридор жок, чыгып кете албай жатабыз. Ошондуктан ар ким өз коопсуздугун ойлоп, күтүп турганы оң. Абал бир аз тынчыгында чыгып кетиш керек".



Атын атагысы келбеген мекендешибиз Украинанын Мариупол, Донецк, Киев жана башка шаарларындагы кыргызстандыктар бири-бири менен байланышып жатканын айтты.



Ушул тапта Бермет аттуу Твиттер колдонуучу Украинанын баш калаасы Киевде коопсуздук сиренасы маал-маалы менен жаңырып, көпчүлүк менен бирге жер астындагы машина токтоочу жайда баш калкалап отурганын жазды.



"Ар эки саатта коопсуздук сиренесы жаңырып жатат. Ушул нерсе чарчатып-чаалыктырат. Киевдеги башка кыргыздар менен өзбектерге жетип, бардыгыбыз жер астындагы унаа токтотуучу жайга баш калкаладык. Сиреналар жана абадан коркунуч болоору тууралуу эскертүүлөр болду. Бардыгы жертөлөдө, баш калкалоочу жайларда отурушат. Ал жерде менин байланышым начар. Саат сайын Киевге кирип келишери тууралуу кабар айтылып жатат. Ошол себептүү өткөн түнү биз бир нече жолу жер астындагы унаа токтоочу жайга, подъездге, короого чыктык. Турак жайдын тургундары дагы жел толтурулган матрацтары, уктоочу мүшөк, үстөлдөрү менен ылдый түшүштү. Айрымдары машиналарында отурат. Биз элчилик менен кечээ байланышканбыз. Азырынча алар башкалар сыяктуу эле бизди чыгарып кете алышпайт. Негизи учурда кайсы бир багытка кетүү оор жана кооптуу", - деп жазды өзүнүн Твиттер баракчасына.






Шерали аттуу мекендешибиз дагы Киевдин четки райондорунда оор техника, танктар келип токтогонун, бул дагы элди дүрбөлөңгө салганын билдирди. Ал үй-бүлөсү менен өзү жашаган үйдүн жертөлөсүндө баш калкалап жатышканын айтты.



Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов Киевдеги абал тууралуу айтып берди:



"Азыр Киевдин айрым райондору тынч эле. Танктар кирип келген аймактарда бир аз дүрбөлөңгө түшүп жатат. Түндө айрымдар үйүндө, кээ бири метро, бомбалоонун баш калкалоочу жайларда болушту. Таңга жуук саат төрттө жардыруулар башталды. Ошондон коркуп үйүнөн убактылуу коопсуз жайларга чыгып кеткендер дагы бар. Тамак-аш жетиштүү эле, дүкөндүн текчелери бошогон жок. Элдин көбү Польша, Молдовага кетип калганы үчүн Киевде азык-түлүк жетиштүү болуп жатат окшойт. Эл дүрбөлөң түшүп, Киев бошоп калды".



Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинада аба каттамдары токтоп, кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын маалымдады. Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылган.


Министрликтин маалымат департаментинин жетекчиси Нурлан Суеркулов "Азаттыкка" элчиликти көчүрүү тууралуу маселе азыр күн тартибинде жок экенин айтты.



"Элчилик азыр штаттык тартипте иштеп жатат. Алар Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта. Аларга кеп-кеңеш берип жатат. Азыркы учурда телефон чалуулар болууда. 200дөн ашуун консультация берилип, алдын ала тизме түзүлдү. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү иш-чаралар өткөрүлөт, элчилик иштеп жатат".



Тышкы саясат боюнча мекеменин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. ТИМ учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.



Ал арада тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу 24-февралда өткөн.




Элчи министрге Украинадагы абал жөнүндө маалымат берген. Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абал курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.



Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Украинадагы элчиликте консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатканын кабарлады.



Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:



+380997573413,

+380442370346,

+380442370348 "WhatsApp".



Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я