Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015 Апрель 2015 Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Жусуп Абдрахмановдун кыялындагы "Кыргызстан”

0 1330
Жусуп Абдрахмановдун кыялындагы

Определились победители областного турнира по рыболовному спорту

Эксперт РАН Ананьева: Высылка мигрантов из Британии нарушает права человека

В ННГАСУ прошла психологическая акция «Я выбираю жизнь!»

"Чистые игры" устроили в Магнитогорске: большой фоторепортаж

Баяндамада Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн кыргыз тилинде араб арибинде жазылган, өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндөгү ой чабыттарын чагылдырган “Кыргызстан” деген чакан эмгеги тууралуу сөз кылмакчыбыз. “Даңктуу тарыхтын күбөсү” Жусуп Абдрахмановдун бүгүнкү күндө эл ичинде белгилүү болуп калган, бир кезде пенде катары сүйүү сезимине кабылып, бир чети үй-бүлөсүн кыя албай, экинчи чети өзү белгилегендей “ыйык сезимин” кайда катарын билбей ички туюмун жазып, ошол эле учурда мамлекеттик жооптуу кызматты аркалап тургандыктан, өлкө тагдырын да кошо чагылдырган күндөлүгү учурда изилдөөчүлөргө дагы бир тарыхый булак катары кызыгуу жаратууда. Күндөлүктү, анын кол жазмаларын, билдирүүлөрүн улуу инсандан калган баалуу улуттук тарыхый мурас катары сактап, элге жеткирүү иштери алгылыктуу жүрүүдө десек жаңылышпайбыз. Ал өзү күндөлүгүндө белгилегендей, “даңктуу тарыхый доордун окуяларынын күбөсү” гана болбостон, ошол мезгилде болуп жаткан ар кандай тарыхый окуяга, тактап айтканда 1916–1938-жылдардагы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн тартып, Кеңеш бийлигинин орношуна, Кыргыз советтик мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, калктын социалдык абалынын жакшырышына, экономикалык өсүшкө, элге билим берүүгө, маданиятка түздөн-түз салымын кошкон улуу инсан катары эсептесек туура болот. Мындай кыйын кезеңде Ж.Абдрахмановго колдоо көрсөтүшүп, анын лидер катары калыптанышына таасирин тийгизген кыргыздын интеллигенция өкүлдөрү А.Сыдыков, Э.Арабаев, И.Айдарбеков, А.Орозбеков, К.Тыныстанов ж.б. да өлкө үчүн эбегейсиз зор иштерди жасашканы маалым. Китепченин жазылышы Буга чейинки улуу инсандын жарыяланган эмгектери, кол жазмалары бүтүндөй орус тилинде жазылган, алардын ичинен “Эркин-Тоо” гезит бетинен жарык көргөн бирин-экин чакан билдирүүлөрүнөн тышкары, бул китепче кыргыз тилинде жазылган жападан жалгыз эмгеги. Албетте, анын бул эмгеги изилдөөчүлөр арасында белгилүү эле, бирок жалпы коомчулукка белгисиз болгон. Көпчүлүк улуттук интеллигенция өкүлдөрү сындуу эле Ж. Абдрахмановдун да араб арибинде да жаза билиши алгач албетте, кызыгууну жаратты. Анткени анын эмгектерине кайрылган учурда мезгил талабына жараша орус тилинде өтө сабаттуу, жогорку деңгээлде жазылгандыгына күбө болобуз. Алсак, Ж.Абдрахмановдун Сталинге каттары, күндөлүгү, докладдары ж.б. аны далилдеп тургандыгына карабастан, бул эмгек менен таанышууда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз тилинде да мыкты жазгандыгы баамдалат. Чындыгын айтканда, бул эмгек менен адеп таанышкан учурда анын бул китепчени өзү жазгандыгы күмөн туудурган. Анткени Ж.Абдрахманов ошол учурда мамлекеттик эң жогорку аткаруу бийлиги болгон Эл комиссар советинин төрагасы болуп иштеп тургандыгы. Экинчиден, кыргыз тилинде жазылгандыгы... Бирок, күндөлүккө көз чаптырсак: “1928-жылы 8-октябрда... Октябрдын 11 жылдыгына карата “Кыргызстан” деген брошюра жазып баштадым. ЭККда (СНК) 11ге чейин отурдум. Үйдөн иштей албай жатам...” , - деп жазат. Үч күндөн кийин, тактап айтканда, 13-октябрда “...Китепчемди бүтүрүп, басканга бердим" деп жазган. Китепче 1928-жылдын 1-ноябрында жарыкка чыккан. Бул тууралуу ошол эле күндөлүктө Ж.Абдрахманов төмөндөгүдөй баяндаган: “Мага “Кыргызстан” китепчесинин басмадан жаңы чыккан нускасын алып келишти. Канчалык аны популярдуу (жеткиликтүү) кылып жасаганга аракет кылсам дагы брошюра оюмдагыдай болгон жок. Менде орусча ой жүгүрткөн анчалык туура эмес адат калыптанып калган жана ал брошюрада байкалып турат. Бул адаттан сөзсүз арылышым керек...” , - деп жазганы, улуу инсандын өзүнө сын мамиле менен карагандыгын тастыктап турат. Ж.Абдрахмановдун китепчеси – өлкөнүн ал кездеги жетекчисинин жаштыгына карабай, ишке жоопкерчиликтүү мамилесин, ички бай жана терең туюмун, бийик интеллектисин тастыктап турат. Жаш лидердин калыптанышы ХХ кылымдын 20–30-жылдарындагы кыргыздын саясий элитасынын лидери тууралуу көптөгөн илимий изилдөөлөр, макалалар, эскерүүлөр жарык көрүп жатканына карабай, Ж.Абдрахмановдун өмүр таржымалы жөнүндө кыскача маалымат берүүнү туура көрдүк. Жусуп Абдрахманов (1901–1938) Күңгөй Ак-Суу болуштугунун болушу Абдрахмандын (документтерде – Абдраман Балпан уулунун) үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Балпан Өтөгөн уулу да 1900-ж. айылдын бийи болгон. Анын манаптын же болбосо, падышалык Орусияга кызмат өтөгөн төбөлдүн уулунун ушундай деңгээлге жетиши, өзү күндөлүгүндө жазгандай: “Манаптын эрке уулу, малчы, батрак, Кызыл армия менен гвардиянын катардагы аскери, комсомолдун уюштуруучусу, артта калган аймактардын айылдарында партиялык ячейканы уюштуруучу ж.б. жыйынтыгында – Кыргызстандын ЭКС төрагасы жана Союздук БАК Президиумунун мүчөсү. Мунун баарына мен талбаган татаал күрөштүн артында жана жалгыз жеттим...”. Ушундай улуттук лидердин калыптанышына же анын бийик улуттук аң- сезиминин калыптанышына кандай себептер болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Ар бир инсандын калыптанышына мезгил, андагы окуялар жана айлана-чөйрөсүнүн таасири чоң. Ал билимди алгач Сазановкадагы (азыркы Ананьев айылы) орус-тузем мектебинен алган, кийин окуусун Караколдогу шаардык жогорку башталгыч окуу жайынан (төрт класстык деп айтылган, бирок окуу алты жылга созулган) уланткан. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн кийин ал көпчүлүктүн бири болуп, эл менен Кытайга качкан. Ашуудан эң жакын жети тууганынан айрылып, бөтөн жердин азабын башынан кечирип, 1917-жылы мекенге кайра кайткан. 1918-жылдан кызыл гвардиячылардын катарына кирип, кеңеш бийлигин чыңдоого катышат. Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган, Түркстан комсомолдук жаштардын бюросунун президиумунун, Жети-Суу облустук уюштуруу бюросунун мүчөсү болгон. 1920-жылы Москвада өткөн бүткүл орусиялык жаштар союзунун (комсомолдун) III съездинин делегаты болуп, анда В.И.Ленин менен жолугушуп, пикир алышкан. 1925-жылы Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиянын Борбордук аткаруу комитети тарабынан Персияга (Иран) СССРдин Башкы консулдугуна, Мешхед шаарына иш сапар менен келгендиги анын жаштыгына карабастан, Союзда кадыр-баркы жогору экендигинин дагы бир далили. Өздүк иши менен таанышкан учурда 1922-жылы анын өз колу менен толтурулган баракчадагы кайсы тилдерди билери жөнүндөгү графада "кара-кыргыз, ошондой эле орус жана татар тилдеринде эркин сүйлөй алам" деп жазылат. Он жылдан соң 1932-жылы 31-майда ошондой эле графага өзбек, казак, орус тилдерин да билерин белгилеген. Алгачкы жазганынан бул улуу инсандын ошол мезгилдеги жаңы усулда окуткан мектеп-медреселерден билим алышкан Эшенаалы Арабаев, Акматбек Койбагаров, Ыбырайым Абдрахманов, Каюм Мифтаков, Абдырайым Чункелеев ж.б. сыяктуу көпчүлүк алдыңкы агартуучулар, коомдук ишмерлер сыяктуу эле орус тилинен тышкары, жалпы эле түрк тилдүү элдердин тилдерин да билгендигин көрсөтүп турат. Бул көрүнүш совет бийлиги орногонго чейин ХХ кылымдын башында түрк тилдүү жалпы мусулман элдерине мүнөздүү көрүнүш болгон жана алардын биримдигинен кабар берип турат. Жусуп Абдрахмановго ошол мезгилде коомдук аң-сезимди өзгөртүүгө багытталган, алгач агартуучулук, кийин саясий кыймылга айланган жадидчилик кыймылынын өкүлдөрүнүн да таасири тийген. Кийинки табылган маалыматтарда же болбосо 1925-жылы 26-мартта толтурган өздүк баракчасында европалык жана мусулманча билим алгандыгын (эски усулда окутуучу мектепте окугандыгын) жазган. Бул биз үчүн дагы бир маанилүү жаңылык болду, анткени буга чейин орус-тузем жана башталгыч окуу жайын бүтүргөн деп гана берилчү. Мындай факторлор анын жаштыгына карабастан, лидер катары калыптанышына негиз болсо, кийин мамлекеттик саясий жооптуу кызматка – 1927-жылы 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРинин өкмөтү – Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп дайындалып, такшалган мамлекеттик ишмер катары Кыргызстанга гана эмес, союзга таанылган учурунда борбордогу саясий ишмерлер менен өтө жакындан кызматташуусу аны саясий жактан такшалдырган. Ошондой эле бул кызматташуулар жана анын өтө чечкиндүүлүгү аркылуу алгачкы ГЭСтердин, темир жол бутагынын, өнөр жай объектилеринин ж.б. курулушу ишке ашкан. Жусуп Абдрахмановдун чыгармачыл жогорку маданий чөйрөгө Мария Натансон аркылуу кошулуп калышы, анын интеллектисинин өсүшүнө, маданиятты, адабиятты, искусствонун шедеврлери менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн. Ж.Абдырахманов саясий ишмер гана эмес, Кыргызстандын тарыхына алгачкылардан болуп кызыккандардын бири болгон. Ал 1916-жылы көтөрүлүштүн тарыхый мааниси тууралуу 1926-жылы “О восстании 1916 года. По поводу статьи т.Меницкого” деген көлөмдүү макаласын жарыялаган, анын аракети менен чыгыш таануучу, академик В.В.Бартольд “Кыргызы. Исторический очерк” деген эмгекти жараткан. Агартуучулук маселеси же жадидчилик кыймылы Ж.Абдрахманов “падышачылыктын жеке эле чет жактагы элдерден гана эмес, великорусстардын төмөнкү катмары болгон жумушчу-дыйкандарынын да агаруу, билим алуусунан да корккондугу белгилүү...” деп жазып келип, “падыша өкмөтү чет жакалардагы элдердин маданий өсүшүнө залдарын көп тийгизди” деп көрсөткөн. Ал билим берүүнүн тарыхына токтолуп, оторчул бийликтин эч кандай билим берүүгө жарабаган диний мектептерге эрик берип, ал эми дүйнө илим-билиминен кабардар кыла турган жаңы усулдагы мектептерди куугунтуктагандыгын, орусташтыруу максатында жергиликтүү орус-тузем мектептерин ачышкандыгын көрсөткөн. Чындыгында эле, ХIХ кылымдын аяк ченинде Волга боюнда жаралган жадидчилик (арабдын “жаңы” деген сөзүнөн алынган) кыймылы Түркстан аймагына да жайыла баштаган. Жадидчилер аракеттерин алгач агартуучулуктан башташып, бара-бара коомду түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган коомдук-саясий кыймылга айланган. Октябрь революциясынын алдында айрым маалыматтар боюнча Түркстан аймагында 100дөй жаңы усулда окутуучу мектептер (Курандан жана дин сабактарынан тышкары, кадимки предметтик сабактар да окутулган) болсо, Кыргызстанда 30га жакын мектептер ачылган. Жаңы усулдагы мектептердин ачылышына орус бийлиги да, эскиче окуткан кадимчилер да каршылык көрсөткөн. Бул тууралуу Ж.Абдрахманов "Предвестник Октября (к 15-летию восстания в Киргизии в 1916 году)” деген макаласында: “кыргыз айылдарында жаңы усулдагы, б.а. табият таануу, география, тарых ж.б. окутууну киргизген мектептерди Борбордук Россиянын жана анын башка аймактарында уюшулган революциялык уюмдардан да аёосуз куугунтукташкан” деп жазган. Бирок кыргыз жергесинде бул жаңылык көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, Шабдан Жантай уулу, Канат Ыбыке уулу, Дүр Сооромбай уулу, Сагаалы манап ж.б. өз каражаттарына мектептерди салып, мугалимдердин маянасын төлөп турушкан. Мындай көрүнүш кыргыз элинин менталитетине тиешелүү; жаңы нерсени бат кабыл алып, аны колдоо алгылыктуу сапаттарынын бири болгон жана бул көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Белгилей кетчү нерсе, автордун айыл-кыштак тургундарынын алты жаштан тартып караганда, алардын 92,2% сабатсыз деп көрсөтөт. Бул биз үчүн өтө маанилүү көрсөткүч, анткени, кеңеш бийлиги орногонго чейин сабаттуулардын көрсөткүчү ар кандай айтылып, айрымдары 0,05%, кээде 0,005% деп да көрсөтүлүп келген. Акыркы изилдөөлөргө, А.Жаманкараевдин маалыматтарына таянсак, ал статистикалык маалыматтарды эсептеп чыгып: “Кыргызстан боюнча 60 миң сабаттуу кыргыздар болгон. 1914-жылы кыргыздардын саны 770,1 миңге жеткен. Демек, революцияга чейин Кыргызстандын сабаттуулугу 7,8% болгон”,- деген жыйынтыкка келген. Бул жерде Ж.Абдрахманов менен изилдөөчү А.Жаманкараевдин маалыматтары дал келгендигин белгилей кетүү абзел. Жергиликтүү элдин алгачкы интеллигенция өкүлдөрү Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияров, С.Карачев, алгачкы тарыхчылар О.Сыдыков, Б.Солтоноев ж.б. алгач билимди жаңы усулда окуткан мектептерден алышкандыгы белгилүү. Алар кийин кеңеш бийлиги орногондон кийин да бардык аракеттерин, күчүн элдин жаркын келечегине арнап, илим-билимдин, мамлекеттүүлүктүн башатында турушкан. Кыргызстанда 1928-жылга чейин араб арибинде окуп, жазып, эмгектерди жаратып келишкен. Мисалы, “Эркин-Тоо” чыкканга чейин эле Түркстан БАКнын (Борбордук аткаруу комитети) органы катары жумасына эки ирет басылып турган 12 миң даана нускада “Ак жол” гезитине (1920–1925) Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияров, О.Алиев үндөө макалалары менен чыгышкан. Мисалы, 1921-ж. Б.Данияров “Кыргыз азаматтарына” деген макаласында кыргыздардын жалпы санын тактаганга аракет жасап, "Кайсы аймактарда, кайсы уезддерге караштуу, Кытайда канча кыргыз бар?" деген сыяктуу соболдору менен элге кайрылган. Ошол учурда кыргыз айыл-кыштактарында да сабаттуу адамдар болгондугуна ишенген автор макаланы аяктап жатып, бардык азаматтарыбызды “Ак-Жол” аркылуу элге тааныталы” деген чакырык жасаган. Муну менен ал жер-жерлердеги кыргыз жаштарын кабар жазып, активдүү болууга үндөгөндүгү таасын байкалып турат. Ушундай эле мааниде 1921-жылы О.Алиев “Казак-кыргыз жаштарынын азыркы жана мурдагы абалы” , Э.Арабаевдин “Кыргыз шакирттери” (1921), 1924-жылы “Казак-кыргыз институтунан эмне күтсө болот?”, “Кара-кыргыз алданбайт”, “Сынтакканда”, “Биздин кыргыздар кандай орун алат”, 1923-ж. “Шолпан” журналына “Байкаган” деген каймана ат менен “Эсиң барда, этегиңди жап” деген макалалары жарыяланган. Жогорудагы макалалар менен таанышкан учурда кыргыз саясий элита өкүлдөрүнүн кыйын кезеңдерде элдин мүдөөсүн, өз алдынча өлкө болуу идеясын, улуттук кызыкчылыктар жөнүндөгү маселелерди көтөрүшүп, “Эркин-Тоо” гезити чыкканга чейин эле басма сөз беттеринде жарыялап турушкандыгына күбө болобуз жана мындай иш-чаралар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу экендиги талашсыз. “Кыргызстан–Швейцария” Ж.Абдрахмановдун “Кыргызстан” аталышындагы эмгеги “Жер жүзүнүн жалчылары бириккиле!” деген чакырык менен башталат. Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөрдүн арасында талаш жараткан анын аты ар кандайча жазылышы жана айтылышына (Юсуп, Усуп) автордун өзү аты-жөнүн бадырайтып эле "Жусуп Абдракман уулу" деп жазгандыгы чекит коет деген ойдобуз. Китеп менен таанышууда терминологиялык маселелер, тилдик өзгөчөлүктөр да байкалат. Мисалы, автор товарды “мал” деп берип, “чийки мал” (“жүн, тери-терсек мал” деп өзү түшүндүрмөсүн жазган), “өндүргөн мал” (“өнөр жай товарлары”) деп бөлгөн. Колония, колониячыл деген сөздөрдү да пайдаланып, айрым жерлеринде “отор”, “оторчул” деп да которгон. Россияны “Орусия”, жаңы усулдагы мектептерди “жаңы тартиптүү мектептер”, статистиканы “эсеп алуу иши”, советти “кеңеш”, жер-суу реформасын “жер-суу төңкөрүшү”, түстүү металлды “өңдүү металл”, пудду “бут”, темир жолду “от араба жолдору”, заводду “зоот”, социалисттикти “социалдык”, кооперативди айрым жерлерде “кеперетиб”, согушту “уруш” деп жазган. Ал маалыматтарды “уруш башталганга чейинки” деп, 1914-жылдагы Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки маалыматтар менен салыштырган. Эмгекте кездешкен айрым терминдерди карап чыгып, аларды күндөлүк турмушта да пайдалансак болчудай. Китепчеде он бир жыл аралыгында Кыргызстандын айыл чарбасы, өнөр жайы, агартуу, саламаттык сактоо ж.б. тармактардагы өнүгүүнү, ошону менен бирге кемчиликтерди жана аларды кантип жоюу керектигин далилдүү фактылар жана цифралык салыштырууларды өтө чебер пайдалануу менен чагылдырган. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө уруучулдук мамиленин кедергиси тийип жаткандыгын жана “республика элинин көпчүлүгү түшүнбөгөн тилде иштөөчү аппарат, ошол эл үчүн жат болушун коё албайт, ушуну эске алып, Кыргызстан өкмөтү аппаратты улутташтыруу ишин үч жылдын ичинде бүтүрүү керек”, - деп белгилеген. Ж.Абдрахманов эмгегин: “англичандар Кыргызстандын бир району болгон Каракол кантонун “Азиянын Швейцариясы” деп аташат. Бүгүн Кыргызстандын өзүнүн табигый-географиялык шарттарына караганда, Швейцария болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, он бир жыл илгери падышачылык жана орус байларынын отору болгон Азия Швейцариясынын ордунда, Ыраакы күн чыгыштагы өзгөрүш абанпосу (илгери жактагы кароолу) болуп кеңештер союзунун социалдык (социалисттик) Швейцариясы бекип да жатат. Анын аты автономиялуу Кыргызстан социалдык кеңештер республикасы” деген сөздөр менен аяктаган. Муну биз кыргыздын чыныгы мекенчил, даанышман мамлекеттик-саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун өлкөбүздүн келечеги тууралуу муундан-муунга айтылчу улуу керээзи катары кабыл алсак. Аида Кубатова, тарыхчы P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Читайте также

В тренде на этой неделе

Праздник Севера – 2024: соревнования по фристайлу ярко завершили программу Полярной Олимпиады

"Чистые игры" устроили в Магнитогорске: большой фоторепортаж

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я