Мы в Telegram
Добавить новость
< >
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018
Январь 2019
Февраль 2019
Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Харьковдогу айыгышкан салгылашуу, бейажал өлгөндөр

0 115
Харьковдогу айыгышкан салгылашуу, бейажал өлгөндөр

Красоты и музеи Подмосковья, ч.2

Чемезов: «Многие предприятия находятся в состоянии „лишь бы выжить“»

Красоты и музеи Подмосковья, ч.2

Из конюшни в Мостовском районе Кубани украли лошадей, которые помогали лечить людей

Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты. Согуштун төртүнчү күнү Орус чек арасынан 30 чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан Харьков шаары айыгышкан салгылашуунун чордонуна айланды. Интернетте жарыяланган видеолордон Орусиянын аскердик техникасы Украинанын түндүк-чыгышындагы бул шаарга кирип жатканын, айрым аймактарда атышуу болуп жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү бийлик шаарда украин күчтөрү орус армиясына каршы күрөшүп жатканын белгилеп, калкты үйдөн чыкпай турууга чакырды. 27-февралга караган түнү Киевден анча алыс эмес жердеги Васильков шаарында чоң жарылуу болду. Украин бийлиги орус күчтөрү бул шаардагы аскердик базанын мунай кампасына сокку урганын билдирди. Орус армиясы бул аймакта артиллерияны гана эмес, баллистикалык ракеталарды колдонгону да кабарланууда. Бул базаны орус күчтөрү бир нече күндөн бери алууга аракет кылып келет. Ушул тапта аны украин армиясы көзөмөлдөп турат. Жекшембинин таңын утурлай Киевдин аэропортунда жана шаардын батышында да жарылуунун добушу жана сирена угулду. Баш калаада коменданттык саат уланууда. Украин президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку уруп жатканын соңку видео кайрылуусунда белгилеп, өлкө толук бошотулмайынча күрөш улана берерин айтты. "Украинада катаал түн өттү. Кайрадан артиллериялык аткылоолор, кайрадан калк жашаган аймактарды жана жарандык инфраструктураны бомбалоо болду", - деди украин лидери. Аны улай Зеленский украин тарап Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылганын, Москва "агрессиясын актоо максатында геноцид түшүнүгүн бурмалап жатканы үчүн жоопко тартылышы керек" экенин билдирди. Украин өкмөтүнүн 26-февралдагы маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан улам кеминде 198 украин жараны мерт болуп, миңден ашуун киши жараат алды. Алардын арасында аскерлер жана жөн-жай тургундар да бар. Бириккен Улуттар Уюму соңку төрт күн ичинде Украинадагы согушта кеминде 64 жайкын тургун мерт болгонун билдирди. Жекшембиге караган түнү Украинанын түндүк-чыгышындагы Ахтырка шаарында Орусиянын артиллериялык аткылоосунан дагы алты киши, анын ичинде 7 жаштагы кыз каза тапканын жергиликтүү бийлик ырастады. Бирок орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат. "Орусиянын куралдуу күчтөрү шаарларга жана калктуу пункттарга сокку урган жок", - деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков. Орус бийлиги Украинада канча аскерин жоготконун да ачык айтпай жатат. Буга чейин украин тарап куралдуу кагылышууларда үч миңдей орус аскеринин өмүрү кыйылганын билдирген. Жаңы санкциялар жана Киевдин сунушу Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Батыш өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларын жарыялап жатат. 26-февралдын кечинде Евробиримдиктин, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Британиянын, Канаданын жана АКШнын лидерлери Орусиянын бир нече банкын өлкөлөр арасында акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан ажыратууга макул болушту. Ошондой эле Орусиянын Борбордук банкынын эл аралык резервдерине да чектөө коюу чечимин кабыл алышты. "Биз Орусиянын Борбордук банкынын активдерин шал кылабыз. Бул чара анын транзакцияларын токтотот жана активдерди акчага айландыруу мүмкүн болбой калат", - деп билдирди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен. Азырынча Украинада төрт күндөн бери уланып согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер жемишин бере элек. Украин президенти Зеленский Киев Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларуста өтпөшү керек экенин айтты. Ал Беларустун аймагынан Украинага ракеталар атылганын, аскерлер кирип келгенин белгилеп, сүйлөшүүнү Варшава, Братислава, Стамбул, Будапешт же Баку сыяктуу башка шаарларда өткөрүүнү сунуштады. Буга чейин Кремл орус делегациясы украин тарап менен сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомел шаарына келгенин билдирген. 27-февралда Британиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс Москва чындап сүйлөшүүнү кааласа Украинадагы күчтөрүн чыгарып кетиши керек экенин айтты. "Алар украиналыктардын башына мылтык такап туруп, сүйлөшүү жүргүзө алышпайт", - деди Трасс. Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын” көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусиянын бир катар банктарына жана президент Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров баштаган расмий жетекчилерге санкция жарыялаган. БУУнун маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салгандан бери 368 миң украин жараны коңшу өлкөлөргө качса, 160 миңи өлкө ичинде жер которду. Согуш дагы канча күнгө созулуп, дагы канча киши качкынга айланары белгисиз бойдон турат.

Читайте также

Загрузка...

Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я