Добавить новость
Апрель 2014Май 2014Июнь 2014Июль 2014Август 2014Сентябрь 2014Октябрь 2014Ноябрь 2014Декабрь 2014Январь 2015Февраль 2015Март 2015Апрель 2015Май 2015Июнь 2015Июль 2015Август 2015Сентябрь 2015Октябрь 2015Ноябрь 2015Декабрь 2015Январь 2016Февраль 2016Март 2016Апрель 2016Май 2016Июнь 2016Июль 2016Август 2016Сентябрь 2016Октябрь 2016Ноябрь 2016Декабрь 2016Январь 2017Февраль 2017Март 2017Апрель 2017Май 2017Июнь 2017Июль 2017Август 2017Сентябрь 2017Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018Август 2018Сентябрь 2018Октябрь 2018Ноябрь 2018Декабрь 2018Январь 2019Февраль 2019Март 2019Апрель 2019Май 2019Июнь 2019Июль 2019Август 2019Сентябрь 2019Октябрь 2019Ноябрь 2019Декабрь 2019Январь 2020Февраль 2020Март 2020Апрель 2020Май 2020Июнь 2020Июль 2020Август 2020Сентябрь 2020Октябрь 2020Ноябрь 2020Декабрь 2020Январь 2021Февраль 2021Март 2021Апрель 2021Май 2021Июнь 2021Июль 2021Август 2021Сентябрь 2021Октябрь 2021Ноябрь 2021

Поиск города

Ничего не найдено

Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт

038
Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт

Коронавирус убивает более 1200 россиян в день: главные цифры

Коммунист рассказал, кого Украина отправит в Крым на борьбу с Россией

Погода на декабрь: когда придут морозы и выпадет ли снег на Новый год

Кедми: заявления о «российском вторжении» на Украину противоречат политике Кремля

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Ошол эле учурда тигүү тармагына болжол менен 20-40 миңдей тикмечи кыз-келиндер зарыл болуп турат. Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат. Ал арада тигүү тармагындагы өнүм коронавирус пандемиясынан кийин төмөндөдү.  2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 11% түштү. 28 жаштагы Айжамал Куттубекова төрт баланын энеси. Кесиби боюнча кондитер. Айлык аздыгынан өзүн тигүүчү катары сынап көрүүнү чечкен. Бул тармакта иштегенине 3-4 ай болсо дагы, иштеп жашоосу жеңилдеп калганын айтты. "Ушул жумуштун арты менен балдарым бала бакча, мектепке барып жатышат. Бир күн эле жумушка чыкпай калсак акча токтойт. Мисалы, күнүнө миң сомдон айланса, бир күн эмес, бир саатты дагы эсептеп иштейбиз. Айлыгы жакшыраак. Орусияда иштегенден көрө бул жакта үй-бүлөң жаныңда, жолдошуң менен, ата-энең жаныңда. Жакшы дагы Кыргызстанда ушундай иштегенге шарттар түзүлүп жатат. Мен бул цехте апам, сиңдилерим менен иштейм. Ушул жерден кетким келбейт". Айжамал 10 күн иштеп биринчи жолу 6 миң сом айлык алгандагы сүйүнгөнүн эстен чыгарбайт. Тикмечилер жасаган ишине жараша айлык алгандыктан ар бир убак-саатын эсептеп, убакытты бош өткөргүлөрү келбейт. Ошентип отуруп айлыгы азыр жумасына 10 миң сомго жетиптир. "Бул менин биринчи айлыгым болчу. Мурда иштеген эмесмин. Азыр бир аз үйрөнүп калдым. Жумасына жок дегенде 10 миң сом алып жатам. Төрөп үйдө отурдум, балдарды чоңойтуп анан иштей баштадым. Негизи эле Кыргызстанда эркектерге иш азыраак. Курулушта иштей ала тургандары бар, иштей албай тургандары бар. Ага караганда тигүү цехтердин арты менен канчалаган аялдар үй-бүлөсүн багып жатат. Бул иш жокто күйөөбүздүн көзүн карап, алып келсе жеп, алып келбесе жок, балдар менен отурчу элек да. Иштеп баштагандан тартып жашоо жеңилирээк болуп баштады. Күйөөм дагы сүйүнүп... Акчаң жок болсо ынтымагың да кетип баштайт. Уруш баштайсың, акчаң болсо жүзүң жарык, үйдө бала-чакаң менен жылмайып... Коллектив дагы жакшы, келип сүйлөшүп отуруп иштеп кетсең көңүлүбүз ачылып калат. Күйөөм дагы иштейт. Анын бир айда тапканын мен бул жерде эки жумада алам. Төрт баланы багыш азыр оңой эмес, ошентип экөөлөп багып жатабыз". Нургүл Турдубаева, жалгыз бой эне. Төрт баланын энеси. Балдарын айылдагы ата-энесине таштап Орусияда дагы тикмечи болуп 10 жылдай иштеп келген. Өзүнүн айтымында, балдарына болгон сагынычы, кусалыгы жүрөккө сиңип калгандай деле таркай элек. Чүрпөлөрүнөн ыраакта иштеп жүргөн учурун эстесе көзүнө дале жаш тегеренет. "Балдарымдын улуусу төрт, кичүүсү бир жашында ата-энеме балдарымды таштап Орусияга кеткем. Үй-жай кылып алайын деп жүрүп балдар чоңойгон кезде келдим. Ошол кезде кызым менен телефондон сүйлөшкөндө үй кылып алайын  дечү элем. Азыр такыр таштагым келбейт. Балдарды таштап коюп той-топурга дагы кетпейм, өзү тойлорго көп кызыкпайм. Өз мекениңе жетпейт да, мигрант болуп башка жакка кеткенден көрө өзүбүздө деле иштеп, тирилик кылса болот. Иштейм дегенге иш табылат бул жакта деле. Орусияда баасы бир аз 5-10 сомго кымбатыраак төлөнөт, бирок батирге, тамак-ашка деп атып эле кетип калат". Нургүл Турдубаева цехтеги мыкты тикмечилердин бири. Айлыгы жумасына 20 миңге жетип калат. Тикмечилер учурда жаңы жылга кыздардын көйнөгүн тигип жатышыптыр. Көбү эртең мененки 8ден кечки саат 8-9га чейин иштешет. Ал мектепте окуган эки кызына дагы тикмечиликти үйрөтүп койгон. Ара-чолодо алар дагы кол кабыш кылышат экен. Өзү окубай калса да балдарына билим берип, окутуу негизги максаты экенин айтат. "Жумасына дебейин он күндө 18-20 миңге жетип калат тапканым. Ошол акча менен балдарымды багып, окутуп келатам. Эки күндө беш линейка, беш пачканы чыгарам. Ичинде ар кандай санда болот, 20-19 даана болуп калат. Цехте иштеген майда жумуш, оор эле. Ар бир деталды өз-өзүнө дал келтириш керек. Жакшы нерселерди тигебиз, өзүбүздөн чыгып жаткандан кийин балдарга деле кээде ушул жерден эле алып берем. Базарда деле ушундайды алабыз да. Базардан деле биз тигип жаткан нерселерди сатып аласың да. Тикмечилерге базардагы товардын ичин караган адат болуп калат. Кээде сырттан алынып келинген деп алдашат, андайды биз дароо эле билебиз. Өзүм окубай калсам дагы балдарымды окутайын деп аракет кылам. Ошон үчүн болгон күчүмдү арнап иштейм". Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4 % өстү. Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчу кол жетишпей жатат. Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулованын айтымында, тигүү тармагы болжол менен 20-40 миңдей квалификациялуу тигүүчүгө муктаж. "Тигүү ишканаларынын 60% Бишкекте жайгашкан. Логистикага байланыштуу 30% Чүйдө, Сокулук, Аламүдүн районунда. Ошондон улам көбүнчө жумушчулар региондон келип иштешет. Азыркы күндө квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат. Ошол маселени чечүү максатында ишкерлер региондорго чыга башташты". Чай үстүндө фабрикада иштеген кыз-келиндер аялдарга тигүү цехтери менен эле базар калды деген ойлорун ортого салышууда. Бул тармакта иштегендердин баары   тикмечи, баары бирдей машинеде отуруп иштеп жаткандай туюлат. Бирок ар бир кыз-келиндин өзүнчө кызматы, вазийпасы бар. Мисалы, Уулкан кийимдерди оверлок машинадан өткөрүп берет. Тигүү тармагында иштегенине 10 жылдай болуптур. Ал соңку кезде жаш үй-бүлөлөрдүн киреше булагы тигүү цехтери болуп калганын айтты. Ушундай цехтер айылдарда ачылса жакшы болмок деп ой бөлүштү. "Кыргызстанда көбүнчө эле жаңы үйлөнгөндөр тигүү цехтерине келип иштеп жатышат. Биз деле мигрант болуп Орусияга кетип калмакпыз, бирок цехтер ачылып калгандыктан ушул жерден тирилик кылып жатабыз. Ушундай цехтер айылда болсо аябай жакшы болот эле. Айылда келин-кесектер жумушсуз эле жүрөт да. Үй-бүлөсүн таштап келе албайт. Карыган ата-энесинин колун карап отурушат. Аларды дагы караш керек. Тикмечиликти аялдар тез эле үйрөнүп кетишет. Үзгүлтүксүз жумуш болуп, кожоюндардын соодасы болуп эле турса иш жакшы эле. Быйыл эми кышкысын жарык өчөт деп жатат. Андай болсо канчалаган үй-бүлө ишсиз калат. Биз айылга үйдү салып койдук. Ушул жактан тапкан акчаларга салдык. Бирок анда эч ким жашабайт. Айылда иш болсо ошол жакта эле калмакпыз. Кайын-журтун, кайнене-кайнатасын караган шымаланган келиндер бар. 1000 сом, 500 сомго зар болуп отургандар бар. Алар иш болгондо тим эле тытат эле". Уулкан эки баласына кийим тиккенди үйрөтүп, үчөөлөп иштеп жаткан учуру. Биз менен маектешкен тикмечилер Бишкектеги "Татына" фабрикасында иштешет. Аталган цех төрт жыл мурда ачылган. Негизинен балдардын кийимин тигет. Кожоюндары 20 жылдай Орусияда соода-сатык менен алектенип жүрүп, Кыргызстанда ишкерликти баштаган. Фабриканын директорунун орун басары Меңдигүл Нурдунованын айтымында, мында 50дөй киши иштейт. Алардын 40тайы тигүүчү болсо, калганы бычмачы, үтүкчү, ашпозчу. Булар деле пандемияда башка ишкерлердей жумушсуз отуруп калышканын айтышат, азыр рынокту кеңейтүү, кризис шартында иштөөнүн жаңы ыкмаларын издөөнүн жолунда экен. "Биз Орусияда ал жактагылардын калоо-тилектерин, табитин карап, керек болсо жазып да жүрчү элек. Келгенден кийин бул жактан жолдошум жана анын туугандары болуп "Татына" деген фабрика ачтык. Буюрса, биз брендге чыгып калдык, биздин товарларды кийимдеги этикеткабыздан эле таанып, издеп келип калышты. Товарларыбызга сертификат дагы алганбыз. Эми дүйнөлүк брендге чыкканга аракет кылабыз. Товарлар негизинен Орусия, Казакстанга кетчү. Былтыртан бери Украина, Беларуска жөнөтө баштадык. Сертификат жасаткандан бери Америкадан дагы биздин товарларга кызыккандар болуп жатат". Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова пандемиядан кийин өлкөдөгү жеңил өнөр жайы, анын ичинде текстил тармагы кыйынчылыктарга дуушар болгонун, анын айынан өнүм, экспорт дагы кемигенин айтууда. Ал ишкерлердин товарлары чек арадан кыйынчылык менен өтүп жатканын ырастады. "Жеңил өнөр жай - Кыргызстанда өнөр жайдагы артыкчылыктуу тармак болуп эсептелет. Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири зор. 2019-жылга чейин жеңил өнөр жайы, анын ичинде тигүү тармагы жакшы темп менен өнүгүп келген. Экспорттук потенциалы зор, продукциянын 90% Орусия, Казакстанга экспорттолот. Пандемия шартында эки жылдан бери өнүм төмөндөп, 2020-жылы жеңил өнөр жайы 21% түшүп кетти. Тигүү тармагы 24% түшкөн. 2021-жылы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өнүм 3% түштү, ал эми тигүү тармагы 11% түштү. Экинчиден, экспортко чыккан товарларды Казакстанда текшерүү көбөйүп, тоскоолдуктар жаралууда. Бир аптада жете турган жүк 1-2 айга созулуп кетип жатат".   Ишкер Меңдигүл Нурдунова ишин жаңы баштагандарга жеңилдик берилип, кагаз чогултмайлар кыскарса, бир топ көмүскөдөгү бизнес ачыкка чыгат эле деп эсептейт. "Мамлекеттен ишкерлерге жеңилдиктер жок, ишиң тезирээк бүтө тургандай шарттар болсо жакшы болмок. Электр энергиясы аябай аз берилип, кээде көтөрө албай калат. Өнөр жайга өткөргүлө дейт, ал үчүн толтура документ чогултуш керек экен. Акыркысын алганча, биринчи алган кагаздын мөөнөтү бүтүп калууда. Ошого бир жерден бүтө тургандай шарт түзүлсө, төлөп, баарын ошол жерден бүтүрүп кете берет элек. Анын үстүнө ишкерлердин убактысы жок, алар бир гана фабриканы карабайт, базарга чыгат, кардарлар менен иштейбиз. Мындан сырткары пандемиядан кийин чек ара маселеси чыкты. Кардарлар өздөрү келе албай калды, жүк дагы аябай кыйынчылык менен өтүп жатат. Анан кездеме көйгөйү башталды, келбей калат, келсе дагы кымбат". Бул кыздар үтүктөлүп, даяр болгон кийимдерди таңгактоодо. Күндүз иштеп, күнүнө 300-400 даана кийимди таңгактап коюшат. Оңой көрүнгөн менен бул иш деле абдан кылдаттыкты, чеберчиликти талап кылат. "Эгер асты-үстү менен тигилген кийим болсо аны таңгактоо беш сом, көйнөктөр үч сом. Биз үчүн эң кыйыны эле топчусу бар көйнөк". Фабрикада үтүкчүлөр 100дөн-250гө чейин кийим үтүктөйт. Шымдын кырын чыгарып, жаңы тигилген товардын көркүн ачуу да үтүкчүлөрдүн колунда. Иштегенине жараша жумасына 10 миңден 35 миңге чейин айлык алышат. Мыкты үтүкчүлөрдүн бири - Жоодарбек. Негизи, тигүү цехтеринде үтүкчүнүн дээрлик бардыгы эркектер. "Өзүбүз Москвада иштечүбүз. Бир аз жүрүп кетебиз деп, карантинде кете албай калдык. Кудай кайсыл жерден ырыскы берсе, ошол жерден терип жеп жатабыз. Иштегенге жараша жумасына 10 миңден 35 миң сомго чейин тапса болот. Иштебей калсаң акча жок. Иш жок эмес, бар. Курулушта деле иштесе болот. Бирок ал жакта кара күч талап кылынат. Бул жакта жумушу жеңилирээк, акчасы жакшыраак дегендей". Катар-катар кездемени тизип, жүздөгөн кийимди бир бычып берген бычмачылар да таңкыс. Бул ролду адатта эркектер аткарат. Бычмачы Азиз аялдар менен эркектердин курткаларын бычкан кыйын экенин айтат. Пандемия Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө таасирин тийгизип, ишкерлер иштөө тартибин, ыкмаларын кайра кароого туура келип турган учур. Кыргызстандык ишкерлер өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр дагы таасирин тийгизип жатканын айтып жатышат. ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров товарларды жеткирүү кыйла түйшүк жаратып жатканын ырастады. Ал тигүү тармагында сапат жылдан-жылга жакшырып Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Европа өлкөлөрүнө чыга баштаганын белгиледи. "Жеңил өнөр жай тармагы толугу менен сырьену сырттан алып келип, бул жактан кайта иштетип чыгарып, даяр продукцияны Казакстан, Орусия, Европага чейин экспорт кылып жаткан учур болчу. Тилекке каршы, пандемияда Кытайдын чек арасындагы чектөөлөр жеңил өнөр жайга терс таасирин тийгизди. Буга чейин Казакстанда чектөөлөр көп болчу, азыр эми Орусиянын чек арасында дагы бизден өндүрүлгөн товарлар кармалып жаткан учурлар бар. Бул сезонду жоготуп коюу, айланган акчанын азайып кетишине алып келди. Тармактагы абал жакшы деп айтуу оорураак. Ошондой эле жумушчулардын жетишсиздиги байкалып, таңкыстыгы көйгөй жаратып жатат. Көп тикмечилер Орусияга иштегени кетип калышты. Экинчиден, бул тармакта башкаларда болбогондой социалдык төлөмдөргө беш жылдык мөөнөт менен жеңилдик берген. Ошонун негизинде бир топ ишканалар көмүскөдөн чыгып, ачык иштеп жатышат. Азыр массалык өндүрүштөн, сапатка басым жасап, Европа (Германия, Швейцария) базарына чыгып жатышат. Муну дагы сапаттын көрсөткүчү деп айтсак болот. Бирок акыркы көйгөйлөрдөн улам келишимдерди аткара албай, убагында жеткире албай  калгандар бар", - дейт Пакыров. Тигүүчүлүк Кыргызстанда эле эмес КМШ өлкөлөрүндө да суроо-талап жогору кесиптердин бирине айланды. Кыргызстанда тикмечи керек деген жарнамаларды байма-бай көрүүгө болот. Анткен менен оңой-олтоң акча таба койо турган кесиптерге кирбейт. Ысык-суукта жылбай отуруп иштөө ден соолукка зыян экенин, өзгөчө көзгө, ички органдарга терс таасирин тийгизип, варикоз ооруларына алып келерин адистер белгилешет.

Комментарии

Комментарии для сайта Cackle

Читайте также

В тренде на этой неделе

Бросит ли Путин «Единую Россию», как Назарбаев свою партию власти

Мировое напряжение: кого, когда и как предупреждал Путин

Политолог Гаспарян оценил превентивный удар Лукашенко, загнавший Литву в тупик с Тихановской

Американские телезрители высмеяли репортаж CNN о «нападении» России на Украину

Загрузка...


Загрузка...
Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.



News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей Украине (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектом News24.


Владимир Зеленский в Украине


Светские новости



Сегодня в Украине


Другие новости дня



Все города России от А до Я